Адамзат тарыхы менен алганда биздин профессионал адабиятыбыздын турмушка аралашканына аз гана-100 жылга жетпеген убакыт болду. Анын башатында Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Мукай Элебаев, Саткын Сасыкбаев, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Эсенкожоев дегендер турган. Биз аталган жазуучулардын, акындардын чыгармаларынын баардыгын окуганбыз, мектепте окутушкан, анан филология факультетинде да окудук. Кызыгың кур, саясатты кара, ойлоп көрсөм, орус адабиятын кыргыз адабиятынан кем   окубаптырбыз. Биздин мээ мыкты экен! Толгон-токой жазуучулардын чыгармачылыгына, чыгармаларына кошуп  марксизм-ленинизм классиктери деп Маркстын, Энгельстин, Лениндин чыгармаларын, алар менен бирге  Плехановдун, Европа философторунун, Белинскийдин, Добролюбовдун, Чернышевскийдин публицисттикаларын, дегеле  бизге таптакыр түшүнүгү жок чыгармаларын баш көтөрбөй окудук, алардын кээ бирин кийин түшүнгөн сыяктандык, кээ бирин гана. Анан алар аз болуп калгансып чет элдин адабиятын окуганыбызды кантейин, байыркы гректердин эпосторун окуганды кантейин!  Не айла бар эле, дегеле окубаган китептерибиз калган эместей болгон…

Ошентип, кыргыз адабиятынын башатында тургандардын чыгармаларын мыкты окудук. Азыркы көз менен караганда алар жараткан чыгармаларынын көбү эң жөнөкөй, баео тарткан, терең мазмундуу эмес ж.б. болуп бизге анча жага бербейт, бирок, аларды ошол чыгарма жаралган убактын көз карашы менен баалаш керек эмеспи. Кандай болгон күндө да алар социализмди колдон келишинче даңазалап беришкен. Элдин эмес, компартиянын кумарын кандырышкан.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдардагы мадырабаштары китеп менен ойгонуп китеп менен уктачыбыз да. Эсимде, атам менин килейген китеп окуп жатканымды жактырчу эмес: «Эй, килейген китепти окуйм деп алдагы мээң чирип калбайбы, сабагыңды оку» деп урушуп турчу. Ошондо мен көркөм китептердин сыртын гезит менен тыштап, «Тарых», «Ботаника», «География» деп жазып койчумун. Атам эмне окуп жатасың дегенде дароо сыртын көрсөтөм. Биз китеп окуганга суусап турчубуз, жаныбызды берип турчубуз… Азыр балдар китеп окубайт. Заман ошол экен не айла?!

Коммунисттик партия адабият жана искусство менен бизди аябай тарбиялабадыбы. Адамкерчилик, чынчылдык, боорукердик, айкөлдүк, боордоштук сыяктуу сезимдерди алып келчү чыгармалар бизди жетелеп жүрчү да ата болуп, эне болуп… Ошол китепте айтылган ар бир накыл кеп биз үчүн мыйзам сыяктуу таасир берчү. Бу китепте минтип калпты жазып коюптур деген сөзүбүз да, оюбуз да  болчу эмес, китептегинин баары турмуш чындыгы болуп алдыңан чыкчу да. Ошондо турмушта кезиккен жаман жосундар таптакыр айтылбай, айтылса да ал аябагандай катуу сын менен баяндалчу тура. Адабияттагы ал жолду «социалисттик реализм» деп, жашоодогу бир реализмди социалисттик жана капиталисттик кылып экиге бөлгөн экен. Ооба, социализмдин идеологдору аябагандай көрөгөч, сак, билгич болуптур. Ошол «социалисттик реализм» деген эреженин рамкасынан чыккан чыгармалар жарык көрчү эмес, анын авторлору куугунтукка алынып, социализмдин душманы саналып, жалпынын жаман кебине калчу, ошондой жагдайды компартия уюштуруп турчу…

Ошол кезде КГБ тарап китептерге тыкыр көз салып турчу. Мен «Мектеп» басмасында балдар жана жаштар редакциясында иштеп калдым. Бөлүм башчы Санжы Егиналиев. Ал киши өтө сак эле. Бизге бирөө келсе, бизди чакырып алып «келген ким» деп такып, чочулап турчу, шпионбу же кыгыбысы дейт го… Бир ирет кайсы бир китепти редакциялап жатып, «орус киши келатат» деген сөз айкашындагы «кишисин» чийип алып салып «орус келатат» деп оңдоп койсом, айланайын, Санжы агай андан олчойгон саясий ката таап катуу урушкан. Ошондо мен айтам: «Орус келатса, орус келатат дейбиз да» деп. Ал айтат: «Жок, сен кишисин алып салдың, орус киши эмеспи» деп. Жиним келип айттым: «Сиз согушка бардым дейсиз, окопто жашынып жатып эле кайра келсеңиз керек» деп. Балээ эми башталды, «сен фронтовикти шылдыңдайсың, керек болсо, биз далай рукопашный бойдо болгонбуз. Сени шылдың сөзүң үчүн сотко берем!». Ал иш эптеп басылды окшойт. Көрдүңөрбү, ушундай болбогон коркоктуктан, дайны жок сактыктан  чыккан убаралар боло берчү…

Ошол «соцреализмге» туура келбеген чыгарманын авторунун оюнда жаманчылык деле жок, тек гана турмуш чындыгын жасалмалабай койгон жерлери бар да. Маселен, кайсы бир коммунисти сүрөттөсө, ал партияга аябай берилген болот, аябай чынчыл, эр жүрөк, ушак айтуу, ууру кылуу деген анда болбойт, анан да бүлөсүнө күйүмдүү болот, башка аялдар менен жакындыгы жок болот, кенедей да ичпейт ж.б. Мына ушул чектен кичине чыгып, маселен, каарман башка бир аял менен аз-аз эле байланышып калдыбы, анда өлдүң! «Коммунистти моралдык жактан бузуп салыптыр» деп абийириңдин кетиши бар… Бу «соцреализм» жөнүндө айта берсек, учугуна чыкпаспыз, өттү, кетти, жайына коелу…Раматылык Орозбек Айтымбетовдун «Торгойлуу талаа» деген секси бар повести «Ала-Тоо» журналына басылганда, журналдын ошол саны тытылганча окулган, колдон колго өткөн, кыргыздардан окубаганы калбаса керек… А кезде ошол повесттин кантип басылып кеткенине  таң калам…

Азыр тамга тааныгандын баары эле ыр жазат, аңгеме, повесть жазат, санжыра жазат, даректүү баян жазат, мемуар жазат… китептен китеп чыгарат. Анан аларды бирөөнө жабышып жатып бир-эки жерге мактатып алат, болду, кетти… кийинки китеби чыгат. Ошентип жатып, азыр китеп чыгаруу кандайдыр бир окуяга айланбай, күнүмдүк ишке айланды, күнүмдүк  ишке айланган нерселердин анча баасы болбос…

Автордун чала сабат билимине, дүйнөнү баамдоосунун бечелдигине, адамзат баалай келген баалуулуктардын өзөгүн таппаганына, чолок тилине байланган толгон чыгармалар, азыр дүкөндөргө батпай кетти. Китеп окуганда адам баласы кандайдыр бир жакшы нерсе алам, турмушума сабак болчу нерсе алам деп окуйт. Азыркы китептерден эч нерсе албайсың. Мына ошондой китептерди тааныштарына, кызматы барларга, туугандарына зордук менен сатып, сатып бер деп канча жазмакерлер жүрөт. Алар китеп сатууну кадимки эле картөшкө саткандай соодага айландырды. Мейли чыгарсын, бирок, ошол китебин бирөөнө таңуулабасын да. Колунда бар адам болсо, жан бакканынан ашкан акчасы болсо, китеп чыгарып турсун да, эсепсиз көп басмалар да жан баксын. Китеп чыгарууну токтотуш керек деген да болбогон сөз, ага тоскоол болбош керек. Жаман китептер менен окурмандардын табитин бузат деп да айтылып калып жатат. Окурман көрүнгөн китепти окуй бербейт. Мейли, окуп табити бузулсун, ошондо эмне өзгөрүү болуп кетет экен. Жаман китепти табити бар окурман бир-эки барактан кийин эле ыргытат, ал эми табити жогу болсо окуй берсин…

Азыр кыргыз профессионалдык адабият деген чөйрөбүз деле жазмакерлерден ашып кеткен жок. Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урманбетов деген акындарыбыз, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Көчкөн Сактанов  сыяктуу прозаиктерибиз бар. Болду. Ал эми «Эл жазуучу», «Эл акын» дегендер иттин кара капталынан!

Жазуучулар биримдигине мүчө болгондордун көбү «бизге бийлик жардам бербейт, китебибизди чыгарбайт» деп ар кай жерде айтып жүргөнүн угабыз. Эй, ошолор, бийлик силерге эмне үчүн жардам бериш керек, милдеттүү эмес, силер китебиңерди өзүңөр чыгаргыла, ал жакшы жазылса, окурманын табат, окуманын тапкан китеп жерде калбайт, сатылып алынат. Совет доорунда жардам алып көнгөн жаман адатты ташташ керек. Тигине, Шайлообек Дүйшеев  эч кимге догурунбай эле китептерин чыгарып жатат, анын китептерин Алайдан бери издеп келип алып келип жатат, анын китебин президенттен баштап айылда уй кайтарган адамга чейин тытып окуп жатат. Анткени, Шайлообектин китептери элдин жүрөгүндө үрүл-бүрүл жашаган, бирок, анысын айта албаган, жаза албаган сонун сезимдерди, ой жоромолдорду, ажайып сулуулукту, адамдыкты, жүрөк сыздап берчү көрүнүштөрдү, аны менен кошо наадандыктын түрүн сонун тили менен айтып алдыңа таштайт, сен окушуң гана керек! Накта акындын китептери накта китеп болуп жашайт экенин бүгүнкү турмуш дагы бир жолу тастыктап жатпайбы.

Азыр китептин көп чыгып жатышы кандайдыр бир кампания сыяктуу көрүнүш. Бу мезгил да өтөт. Азырынча болсо иттибай-чоттубай китептердин көп чыгып жатканы жакшы… көп жамандын жакшысы да болот…

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here