Жашым 29да. Жумуштарым менен жүрүп бир жыл мурун Нурдөөлөт менен таанышып калдым. . Иштеген кызматы, үй бүлөсү бар 48 жаштагы адам эле. Жумуштун шылтоосу менен кездешип жүрүп, бири бирибизге жакындашып кеттик. Ал мени мейманканага чакырды, кийин саунага бардык айтор кызыктуу күндөрдү өткөрдүк.

Бир күнү аялын эч качан таштабастыгын, ошол эле убакта мени дагы эч нерседен кем кылбастыгын айтты. Көп өтпөй мага квартира алып берди, анан никебизди кыйып, мен экинчи аял катары жашоом башталды. Нурдөөлөт күн алыс келип турчу. Көз ачып жумгуча бир жыл өтүп уулду болдук. Ал биздин болгон кем карчыбызды алып берет, эс алуучу жактарга алып барат. кыскасы дүйнөм түгөл.

Нурдөөлөттүн байбичеси бизди билчү эмес. Бирок мен аны көрбөсөм дагы жаман көрчүмүн, күйөөм экөөбүздүн ортобузду ошол эле бөлүп тургандай сезилчү. Күйөөмдүн аны менен жатканын элестетсем ичим ачышат, ал келбегенде көз ирмебей таң атырам.

Нурдөөлөт меники гана болсо экен деп тилеймин. Кызганычтан өрттөнүп кете жаздайм.

 

«Аялымды дагы жакшы көрөм, сыйлайм, балдарымдын апасы, түшүнчү»-дейт. Мен анда ойлонуп калам, бирок кызганганымды койбойм.

Кээде телефон чалсам басып салат, жанымда аялым бар дегени. Экөөбүздү эмне күч байлап турат түшүнбөйм! Менин кылган ишим туура эмес экенин дагы билем. Ажырашып кетсемби дейм, ансыз жашай албачудай болом.

Бирөөнүн бакытын уурдап, бактылуу болуу кыйын экен. Ар бир аялзатына өз түгөйлөрү менен бактылуу болушун каалайм.

Казак кызы

 

.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here