Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы, режиссёр, профессор Мустафа Ахунбаев 83 жашында дүйнө салды. Эки күн мурун каза болгон Ахунбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү узак жылдар бою иштеген А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрда ɵтɵт. Эмгеги элге сиңген акскалдын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюла турган болду. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Ахунбаев «Ленфильмде» экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм фильмин тартууга катышкан, «Руслан менен Людмила» операсын, «Өлбөстүк», «Саманчынын жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл Союздук сынактарда биринчи даражадагы диплом, медалдар менен сыйланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here