Чагылган:Өзбекстан ырчыларга лицензия берүү маселесин катаалдатып жатат. Бул мамлекетте «Узбекконцерт» деп аталган атайы көркөм кеңеш иштейт. Бул көркөм кеңеш ырчы болууну каалагандарга атайы текшерүүдөн кийин, бир катар талаптар менен атайы лицензия беришет. Биздикиндей ашмалтай, өөдүр-дөөдүр, таланты жок ырчылар Өзбектсанда жокко эсе. Анткени өзбектер андайларды чоң сахнадан алыс барып ойно деп колуна чүкө карматып коёт.

Өзбек көркөм кеңеши ушул айдын башынан тарта жаңы эреже киргизген. Эми лицензия алууну каалаган адам кеңеш мүчөлөрүнө жандуу үн менен ырдап берүүгө тийиш болуп калды. Бул эле эмес, ырчылар жеке концерттерде ырлардын жок дегенде 60 пайызы жандуу ырдалышы керек деген талап коюлду. Бизде болсо кандай? Мындай көрүнүш эмес, Көркөм кеңештин өзү жок да. Азыр көчөгө таш ыргытсаң, ырчылардын башына тийет, алар жөн эле бутка илешет десең. Ошолордун жарымынан көбүндө талант эмес, таш балекет жок. Белгилүү болгондой Өзбекстанда мында Көркөм кеңеш талапка жооп бербеген ырчылардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрүнө токтолуп, аларды жазалоо катары лицензиясын убактылуу токтотуп коё алышат. Бул маселе бир топ жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып келет. Лицензиясы алынган ырчылардын чыгармачылыгы теле-радио, интернеттен да алынып салынат. Мына мамлекеттин күчү деген ушундай болуш керек.

Бизде да ушул сындуу Маданият министрлигинин алдында күчтүү Көркөм кеңеш түзүлүп, аты бар, заты жок, акчалуу ырчылардан иргеп, чыныгы таланттуларга жол ачылышы керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here