Ысык-Көлгө жигити менен  эс алганы барган Алматалык кыз башынан өткөн окуяны казактардын нур.кз маалымат булагына айтып берген. Кыязы, анын бул баянында чындыктын үлүшү аз экени байкалып турат. 

Алина жигити менен Ысык- Көлгө эс алууга келишкен. Келген күнү пансионатта жакшы эс алышып, эртеси көлдүн жээгине  барышкан. Жээкте жүргөн кезде аларга дагы жашыраак жигит (сүйлөшкөн кызы менен) келип таанышып, өзүлөрүн Алматалыкпыз дешип, бул жакта жалгыз жүргөн коркунучтуу экенин айтып кетишкен.

Ошентип  төртөө кечке чогуу эс алышкан. Кечинде Алина жигити менен бөлмөсүнө келип уктап калышат.

«Жашоомдогу эң коркунучтуу күн ушул болду. Таңкы 5терде ойгонуп кеттим,( бирок мен эч качан таң атпай турчу эмесмин, уйкум аябай катуу болчу). Көзүмдү ачып жигитимдин жанында бир киши турганын көрдүм. 5 мүнөттөй эмне болуп жатканын, биздин бөлмөгө эмнеге бирөө кирет түшүнбөй жаттым. Ал орто бойлуу, арыкчырай, көздөрү кичинекей, каратору киши болчу. Мен абдан коркуп кеткенимден. Сен кимсиң,?- деп катуу кыйкырдым. Ал мени эчтеке болбогондой көзүмө карап,столдун үстүндө турган жигитимдин кошелегин алып чыгып баратты. Мен аны алып калганга аракет кылдым. Ал качып кеткенге үлгүрдү. «— дейт Алина.

Жигитин ойготуп, артынан чыккан кезде ууру кошелекти сыртка таштап качып кеткен экен. Милициянын номери жок болгондуктан, интернеттен номер издешкен. Бирок бир дагы номер жооп берген эмес. Мурунку күнү таанышкан жаштардын дагы акчаларын уурдап кетишкендикен алар, ачкыч менен бекитишип укташкан. Жаңы таанышкан төртөө ошол эле күнү кетишкен.

«Биз тирүү кезибизде кетелик, дедик, анткени ал кайра келиши мүмкүн эле. Таксинин айдоочусун чек арадан өтүп кеткиче узатып коюшун өтүндүк»- деген коркуп калган Алина.  Бул казак кызынын баяны жомокко окшоп калган. Ысык-Көлдү жамандагысы келген, ага ичи күйгөн бирөөнүн окуясы. Болбосо, буга бир да далил жок. Далили болсо, далили менен жазсын да, далдырабай…

 

.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here