Чагылган: Ажо болом деп акылы да, кадыры да аз болсо да, ага карабай ай асманды чапчып, туйлап жаткан  Адахам Мадумаров эл үркүбөй тынч жатса деле,» эшек» болуп үркүп жатканы белгилүү. Көп саясатчылар аны шылдыңдап күлүшөт. Ал тургай эки “досу” Ташиев менен Келдибеков да өздөрүнчө келекеге алып турушары бештен белгилүү. Ал эми жалпы эл болсо, Мадумаровду колдомок тургай, катуу сындап жатат. Себеби, бул адамдын Бакиевдин тушунда элге кылган кыянатчылык иштери көп. Эл аны унутмак беле. Ата бабаларыбыз ыйык сактап келген жерелерибизди башка элге өтөкрүп берүүгө өтө чоң салым кошкону бешиктеги балага да белгилүү. Бул кургур эми кедей –кемабагалдын кейпин кийип, БШКга төгө турган 1 млн. сом күрөө акчаны тымызын сыртта жүргөн мигранттардын чөнтөгүн кагып, марафон демиш болуп чогултуп, төккүсү келип жатканы ачыкка чыкты. Аз күн мурун казакстанда эмгектенип жүрүшкөн айрым мигранттар Мадумаров үчүн акча чогултуп, марафон өткөрүп башташканы белгилүү болду. Бул эми колдогоо албай турган иш. Мадумаров болсо бул ишти өзүн колдогон бирөөлөр аркылуу тымызын уюштуруп коюп, бул жакта билбмексен болуп тымпыйып олтурат.

Мындай куулук-шумдук акмакчылыкка жатпаганда, эмнеге жатат. 1 млн. сом акчасы жок болсо, андан тышкары элдин калың катмары колдобой турганын билген соң, үйүндө эле жатса болмок, берсең Кудай узун өмүрдөн бер деп. Ушунчалык жеке кызыкчылыкка башкаларды колдонуунун эмне кереги бар? Бирок башкаларды өз кызыкчылыгына колдонгонду Мадумаровдой эч ким өздөшүрө албаса керек. Анткени, бул адамда бул жагынан тажрыйба толтура. Башкасын айтпаганда да өткөн шайлоодо Аскар Салымбековду “Эмгек” партиясы менен кандай алдап, кандай сызга олтургузганын эл жакшы билет. Эми да ошол ыкманы мигарнттар үчүн салып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Деги эле, өздөрү эптеп, кыйынчылык менен акча таап жатышкан мигранттардан акча алгандан уялыш керек. Мигарант мекендештерибиз бул маселе боюнча акыл калчашы керек. Мамлекеттин тагдырын Мадумаровго байлоо — бул өтө опурталдуу болуп эсептелет. Айтып эле жүрөт го, өзү деле кызыл камчы, куу кыйкырык жагынан Бакиевден кем калбайт. Баса, Бакиев далай мекендештерибизди Кыргызстандан сыртка чыгарууга мажбур кылып, мигрант кылууга абдан чоң салым кошкон. Мадумаров болсо бакиевдин колутугуна кирип алып, анын мындай салымына шарт түзүп бергендердин бири. Муну унутпашыбыз керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here