Тегеректин көркүн ачып, жагымдуу маанай тартуулап турган гүлдөрдү багуу наристе баккандай эле бир топ түйшүктүү. Гүлдөрдү убагында сугарып, жер семирткичтер менен камсыз кылып туруу башкы талап. Сиздерге гүлдөр үчүн жер семирткичтерди үй шартында даярдооңузду сунуштайбыз.

Шекер

Үй өсүмдүктөрүн багууда табигый жер семирткичтердин бири — кадимки эле ашканада колдонулган шекер. Шекердин курамында фруктоза жана глюкоза бар. Дал ушул глюкоза гүлдөргө энергия берүүчү булак болуп саналат. Ал үчүн шекерди гүлдүн топурагына себелеп, үстүнө суу куюу керек же жарым литр сууга бир кашык шекерди салып, эригенге чейин аралаштырып, даяр суюктукту гүлдөргө куюп чыгуу керек. Бул ыкманы бир айда бир жолу гүлдүн бардык түрүнө колдонсо болот. Таттуу суюктук менен сугарылган гүлдөр тез өсөт жана гүлдүн сабы бекем болушун шарттайт.

Цитрус жана башка жемиштер

Мандарин, апельсин, ал тургай банандын кабыгы үй өсүмдүктөрү үчүн сонун жер семирткич болот. Бирок мындай жер семирткичти даярдоо бир канча убакытты талап кылат. Цитрус өсүмдүктөрүнүн кабыгын майда туурап туруп бир литрлик банканын жарымына чейин салып, үстүнө ысык суу куюп бир күнгө калтыруу керек. Эртеси суудагы кабыктарды чыгарып, банканы таза суу менен толуктап, гүлдөрдү сугарууга болот. Цитрус жемиштеринин ичинен банандын кабыгын майда туурап, кургатып туруп өсүмдүктүн топурагына аралаштырып жиберсе болот. Жогоруда аталган жемиштердин кабыктарында өсүмдүктүн тез өсүшүн камсыздаган микроэлементтер бар болгондуктан, гүлдөрдүн жалбырагы соолубай жакшы өсөт.

Кофенин калдыгы

Үй шартында гүлдөр үчүн жер семирткичтин ыңгайлуу жана пайдалуусу — ичилип бүткөн кофе. Башкача айтканда, кофени ичип бүткөн соң идиштин түбүндө калган калдыгын колдонсо болот. Аны атайын убакыт бөлүп даярдоонун да кажети жок. Кофени ичип бүткөн соң калдыгын гүлдүн топурагына салып, аралаштырып койсоңуз, топурак борпоң жана жеңил болуп калат. Мындан тышкары топурактын кычкылдуулугу жогорулап, гүлдүн өсүшүн тездетет. Бөлмө гүлдөрү үчүн бул жер семирткичти колдонууда абайлаңыз. Борпоң топурактуу гүлдөрдө кичинекей кара чымындар топтолуп кетет. Андыктан көп колдонуудан алыс болуңуз.

Күл

Айыл жергесинде от жаккандан кийин чыккан күлдү бактын түбүнө же талаага төгүп коюшат эмеспи. Дал ошол очоктон чыккан күлдү короо жана бөлмө гүлдөрүнүн топурагына аралаштырса, эң мыкты жер семирткич болот. Анткени дал ушул күлдүн курамында калий, фосфор, магний, кальций, темир, цинк бар. Ушул эле күлдү бир литр суу менен аралаштырып, сугаруу жолу менен колдонсо да болот. Мында гүлдөргө жан кирип, короонун көркүн ачарына шек жок.

Ачыткы

Ачыткыны квас менен камырга эле эмес, өсүмдүктөр үчүн жер семирткич катары да колдонуп келишет. Ачыткынын курамында пайдалуу заттар көп болгондуктан, гүлдүн тез өсүшүн камсыздайт жана өсүмдүктөрдүн клеткаларынын тез бөлүнүшүн шарттайт. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, ал топурактагы микроорганизмдердин ишин көбөйтүп, кыйла жакшыртары аныкталган. Ошондуктан ачыткы бөлмө гүлдөрүнө гана эмес, короодогу өсүмдүктөргө дагы колдонулат. Бул жер семирткичти даярдоо үчүн 10 грамм ачыткыны бир литр сууга эритип, ага бир кашык шекер салуу керек. Эгерде кургак ачыткыны колдонсоңуз үч кашык шекер салынат. Даяр суюктукту эки саатка тыныктыруу зарыл. Андан кийин ага дагы бир литр таза суу кошуп аралыштырып өсүмдүктөрдү сугарса болот. Бул жер семирткичти кечке маал короодогу роза гүлүнө колдонсоңуз, роза тез өсүп, бажырайып чыга келет жана көпкө соолубайт.

Пияз ширеси

Ашканада пиязсыз тамак жасоону элестетүү мүмкүн эмес. Дал ушул пияздын кабыгынан даярдалган суюктук өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө оң таасирин берет. Анткени анын курамында микроэлементтердин толук топтому камтылган. Пияз ширесин даярдоо үчүн 50 грамм пияз кабыгын эки литр сууга он мүнөт кайнатып, муздатуу керек. Ал сууну гүлдөргө чачыратуу жолу менен суугаруу зарыл. Курт жеп, жалбырактарында кара тактар пайда болгон гүлдөргө бул ыкманы колдонсоңуз, ооруп жаткан гүлдөр аз убакта өз калыбына келет.

Жаныбарлардын кыгы

Кык — бөлмө өсүмдүктөрү үчүн эң пайдалуу жер семирткич болуп саналат. Кайсы жаныбардын кыгы болбосун бирдей таасир берет. Гумусту үй өсүмдүктөрүн отургузууда же гүлдүн челегин алмаштырууда топуракка аралаштырып жиберүү керек. Мындан тышкары кыкты эзип, суу менен аралаштырып сугаруу жолу менен дагы колдонсо болот. Ал үчүн 10 грамм кыкка үч литр суу кетет. Короо гүлдөрү үчүн колдонсоңуз, гүлдөрдү отургузуп жатканда топурак менен аралаштырып алганыңыз оң.

Тиш пастасы

Тиш пастасын жер семирткич катары колдонуу үчүн 3 кашык тиш паста менен 3 кашык чоктон чыккан күлдү бир литр суу менен аралаштыруу керек. Даяр суюктукту дароо колдонсо болот. Мындай ыкма гүлдүн тамырын бекемдеп, соолушун алдын алат.

Аквариум суусу

Эгер үйдө балык кармасаңыз, аквариумдагы сууну жер семирткич катары колдонсоңуз болот. Анткени мында өсүмдүктүн өсүшүн тездеткен заттар камтылган. Бирок бул жер семирткичти жазында жана жайдын башында колдонуу керек. Дал ушул мезгилде гүлдөрдүн жалбырагы жана бутактары активдүү өсө баштайт.

Кеңештер:

Өсүмдүктүн топурагын алмаштырган соң, бир айда бир канча жолу жер семирткич колдонуу сунушталбайт. Анткени жаңы топурак өзүндөгү пайдалуу заттарды жоготуп коёт.

Гүлдөргө мурда кошпогон жер семирткичти колдоно турган болсоңуз, алгач гүлдү таза суу менен сугарып алуу керек. Ал жер семирткич тескери таасир бере турган болсо, ал гүлгө сиңбей калат да, гүл жашоосун уланта берет.

Бардык жер семирткичтерди каалаган убакта колдоно берүү болбойт. Анткени гүлдөр кошумча витаминге жаз жана жай мезгилинде гана муктаж болушат.

Оорулуу өсүмдүктөргө жер семирткич колдонууда кылдат мамиле кылуу керек. Ашыкча кошуп алуу өсүмдүктүн өлүп калышына алып келет.

Бөлмө гүлдөрүн отургузууда челектин алдына майда таштарды салып коюу керек. Ал топурак аркылуу абанын кирип турушун камсыздайт.

Булак: Леди кж.  Жаңыл ИСАЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here