» Жаратканды тааныган, чыныгы жарыкты тапкан адам шайтан жана напси сунуштаган убактылуу нерсеге алданбайт.»

Устаз Фетхуллах Гүлен Хожаефенди.

СҮРӨТ ТЕМАСЫН УЛАЙ..

Тарыхты карасак улуу аалымдардын атагын алыстан угуп, ага жолугуп илиминин берекесинен алайын, батасына канайын деп урматтап барган аалымдардын окуялары толтура. Мен анда- санда Устаз Фетхуллах Гүлен Хожаефендинин ырларын которуп баракчама коюп койгон жайым бар. Албетте анан мага жаанын жебелериндей атылган оор сөздөрдү жазышат. Дайыма ичимден Устаз Ф. Гүлен Хожаефендинин мужаддид залкар чоң аалым экенин, таза кыргыз атактуу аалымдарынын бири көрүп, сезип жалпы журтка акыйкатты айтып берсе дээр элем. » Чындап Кудай кааласа, быламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.» деген кыргыздын сонун айтканы бар. Кудай каалап ниетимдегиндей биздин залкар Чубак ажыкебиз улуу Устазга жолугуп кайтты. Араң тургандар акыл үйрөтүп эле жатып калышты. Акыл үйрөткөндөр, динден олуя болуп сүйлөгөндөр , Чубак ажы окуган китептерди окумак турсун колдоруна алып көрүшө элек болсо керек. Илимдеги берилген даражалардын сырларын билгенди мындай кой, бир хадистин ачыктамасына түшүнө албай , түш жоругансып өз акылына салып аалым көрүнгүсү келишет. Анан алар Чубак ажы сезгенди кайдан сезишсин. Чубак ажыкебиз,: Устаз Фетхуллах Гүленди көрүп, сабагына катышып таң бергенин , дүйнөдөгү саналуу гана зор аалымдардын бири экенине ынанганын , ал жердеги абал башкача сөз менен айтып бере алгыс керемет экенин , мүмкүнчүлүк болгондо калып Улуу аалымдан сабак алгысы келгенин айтат. Бул кыскача жазганымдан түшүнгүсү келгендер түшүнсө керек, түшүнгүсү келбегендер баягы жалган жалааларын жаза башташарына шегим жок. Канча жылдыр Устаз Ф.Гүленди мактап , дүйнөнүн 180 өлкөсүнө ачылган мектеп, унивеситеттерине тамшанып таңданган, андан бүтүшкөн окуучулардын эң мыкты экенине баа берип келген, «Заман » газетасын алкыштап таңдайынан бал тамызган Түркия бийлиги , ич күйдүлүгүнүн айынан заматта сексен жашты чамалап калган аксакал аалымын «террорист» деп чыга келди. Канча миңдеген кишини түрмөдө сыздатып кыйноолорду көрсөтүп жатат. Төңкөрүш жасаганга аракет кылды деген сөздөрүнүн бир дагы дүйнө ынана турган далилдери жок. Бир мусулман бир жаныбарды бир чаап сабаса , кыяматта акысы алынып берилеби ? Албетте берилет . Муну баары билет жана андан шектенбейт. Канчалаган күнөөсүз адамдардын зарлаган көз жаштарына бийлик акыретте жооп береби ? Албетте жооп берет. Билип туруп аларды мактап , улуу аалым жөнүндө жазгандар ойлонбосоңор акыбетиңер кыйын болуп калышы мүмкүн. Же жолугуп көрбөсөңөр, же китептерин окуп катасын таппасаңар, уккан ушагыңарга эле ишенип өзүңөрдүн акылыңарга эле таянганыңар өтө чоң катачылык. Жалган жалаа жаап, ушактап шылдыңдап жазганыңарды токтотушуңар керек деп ойлойм. Эгер силер денеден жандын чыгышы оор экенине, мүрзөдөгү сурактын кыйын болоруна, макшардагы гыйбатчылардын абалы жан чыдабас азапка кабыларына чындап ыйман келтирип ишенген болсоңор. Бир жактуу гезиттерге жазып, бир жактуу бардык телесинен жамандап террорист деп көрсөтө берсе, түрк эли тажагандан деле ишенип алышты окшойт. Ишенбегени бар албетте , айткандан коркушат. Хожаефендинин башына ар бир аалымдын башына келгендей сыноолор келип турган учуру тактап айтсам өмүрү сыноолор менен келе жатат. Бир кичинекей тар бөлмөдө сыртка чыкпай, алтымыштай ооруу менен алпурушуп жашаш оңойбу. Бул дүйнөдөн бир дагы аалым жыргап жүрүп өткөн эмес. Куулган, зынданга салынган, өлтүрүлгөн койчу зээниң кейийт. Узап кеттим көрүнөт. Менин жазганымдан да маанилүү, далилдүү , кызыктуу кылып, Чубак ажыке жакында Устаз Фетхуллах Гүлен Хожефенди жөнүндө жазып чыкса керек. Түркиядагы мекендештер санаа чекпей эле коюшса болот. Чубак ажыке, Устаз Фетхуллах Гүлен менен сүрөткө түшпөсө деле, биздин мамлекеттин көз карашын Президентибиз былтыр эле билдирген болчу. Президентиңер ушинтти деп Түркиядагы окуган студенттерди , ишкерлерди кууп жибербеген, Чубак ажыңар чогуу сүрөткө түштү деп кууп жибербесе керек. Ар бир адам эркин басып , эркин дем алып каалаган жерге басып каалаган адамы менен сүрөткө түшүүгө акысы бар. Кыскасы улуу аалым Фетхуллах Гүлен Хожаефенди айткандай : сөздүн күчү жетпеген ойлорубуз көп тура. Баарыбызга туура пикир , бекем ыйман жана башкалардын, анын ичиненен чоң аалымдардын этин жеп тозоктук болуудан сактасын.

Жеңишбек Жумакадыр.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here