2007-жылы Европа өлкөлөрүндө чач боёкко кошулуучу 22 зыяндуу затка тыюу салынган. А бирок, Америка экологиялык уюму ал кошулмалардын боёк өндүрүшүндө кайрадан колдонула баштаганын изилдеп чыгышты. Көпчүлүктүн бул маалыматтан кабары болбогонунан улам, колдонгондордун саны күн санап өсүүдө.

Комага жеткирген боёктор

Негизинен боёктордун табигый (хна, басма, пияздын кабыгы) жана жасалма (химиялык) түрлөрү белгилүү. Азыркы тапта дал ушул химиялык чач боёктордуун көпчүлүк айымдар колдонушат. Жасалма боёктор аты айтып тургандай эле, жалаң химиялык аралашмалар болгон аммиак, суу перекиси, оксидациаланган пигменттерден турат. Булар чачтын ички катмарына чейин кирип, натыйжада чачтын азыктануусуна жана кам көрүүсүнө шарт түзгөн май, чачтын ички катмарына кире албай калат да, чач кургап, “гүлдөй” баштайт. Аммиак чач боёгунун өлчөмүнүн 3,2%ын түзүп, чачтын түптөрүнүн көөп кетүүсүнө, какачтын пайда болуусуна алып келет. Оксидациаланган пигменттердин курамына резрцин, гидрохинон, парфенилдиамин аыктуу зыяндуу заттар кирет аталган заттар бир куту чач боёгунун 0,001-5%ын түзөт. Эң активдүү жана чачка кара түстү берүүчү парфенилдиаминдин тазаланбаганы чачтын түшүүсүнө алып келгендиктен, колдонууга тыюу салынган. Кийинчерээк кайрадан боёктун курамына кошууга өтүшүп, жыйынтыгында, 34 жаштагы англиялык айымдын комага түшүп калуусуна алып келген.

Бизде абал кандай?

Кыргызстанда чач боёкторунун бардык түрүн кезиктирүүгө болот. Дарыканада сатылган менен дүкөн, базарларда сатылган боёктор коёндой окшош. Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген Айгүлдүн айтымында, табигый боёкторго караганда химиялык боёктор жакшы өтөт. Мунун себебин хнада каалаган түстөр жок деп түшүндүрдү. Ал эми ушул химиялык боёкторду колдоном деп ден соолугун жабыркатып алгандар жок эмес. Алардын бири Венера: “Мындан 3 жыл мурун белгилүү эле фирмалардын товарын сатып алып боёгом, 10-15 мүнөттөн кийин башымдын териси дуулдап ысып, кийин көзүм шмишиий баштады. Бул окуядан кийин хнаны колдонууга өттүм”,- деп пикири менен бөлүштү.

Зыяндуу 22 кошулма…

Европа өлкөлөрүндө 2007-жылы чач боёкторунун курамындагы 22 химиялык затка тыюу салынган. Буга карабай, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” болуп, боёк өндүрүүчүлөр кайрадан тыюу салынган заттарды колдонууга өтүштү. Бул кылыгын жашырышпайт, жөн гана көзгө көрүнбөгөндөй майда тамгалар менен кутунун сыртына жазып коюшат. Боёкту сатып аларда курамындагы заттарга көңүл буруңүз, эгерде төмөнү тизмедегилер бар болсо, сатып албай эле койгонуңуз туура.

6-Methoxy-2,3-Pyridinediamine жана анын тузу HCl
2,3-Naphthalenediol
2,4-Diaminodiphenylamine
2,6-Bis (2-Hydroxyethoxy)-3,5-Pyridinediamine жана анын тузу HCl
2-Methoxymethyl-p-Aminophenol жана анын тузу HCl
4,5-Diamino-1-Methylpyrazole жана анын тузу HCl
4,5-Diamino-1-((4-Chlorophenyl)Methyl)-1H-Pyrazole Sulfate
4-Chloro-2-Aminophenol
4-Hydroxyindole
4-Methoxytoluene-2,5-Diamine жана анын тузу HCl
5-Amino-4-Fluoro-2-Methylphenol Sulfate
N,N-Diethyl-m-Aminophenol
N,N-Dimethyl-2,6-Pyridinediamine жана анын тузу HCl
N-Cyclopentyl-m-Aminophenol
N-(2-Methoxyethyl)-p-phenylenediamine жана анын тузу HCl
2,4-Diamino-5-methylphenetol жана анын тузу HCl
1,7-Naphthalenediol
3,4-Diaminobenzoic acid (3,4-Acide diaminobenzoïque)
2-Aminomethyl-p-aminophenol жана анын тузу HCl
Solvent Red 1 (CI 12150)
Acid Orange 24 (CI 20170)
Acid Red 73 (CI 27290)

Табигый боёктордо болгону беш түс кездешет

Жасалма боёктор пайда болгонго чейин айымдар Африканын түштүгүндө жана Индияда өсүүчү лавсония жалбырагынан алынган хнаны колдонушкан. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, хнада рактын алдын алуучу касиети бар экендиги далилденди.

-хна чачка эч кандай зыянын тийгизбейт, тескерисинче, чачтын коргоочу катмарына айланып, аны азыктандырат;

-башка боёкторго салыштырмалуу, арзан, таасирдүү, көп убакытка сакталат, колдонууга оңой, башка кошулмалардын кереги жок;

-чачыңызды жасалма боёк менен боёп түсү жакпай калса, кайра калыбыбна калтирүү кыйынчылык туудурушу мүмкүн. Кыска убакыт аралыгында кайра боёо чачка зыянын тийгизээри турган кеп. Ал эми хнада андай коркунуч жок.

Табигый боёктун кемчилиги, сиз каалаган бардык түстү таба албайсыз, түстөрү чектелүү. Күрөң, алтын, кара, бургунд(вино түсү) жана махаон сыяктуу беш гана түсү бар. Басма, хна менен боёлгон чачка жасалма боёктун кириши кыйын.

Эсиңизде болсун, эч качан хна менен боёлгон чач өсмөйүнчө химиялык боёк колдонбоңуз. Реакция күтүлбөгөн жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Тагыраак айтканда, чачыңыз апельсин, көгүлтүр же жашыл түскө өзгөрүп кетүү коркунучу бар.

Боёктор рактын пайда болуусуна алып келет

Чынын айтканда, баарыбыз ичип-жеген азыктардын курамына көңүл бурабыз, а бирок, денебизге колдонгон крем, парфюм, боёктордун курамына эмне кошулгандыгына кызыкпайбыз деле. Врач-дерматаологдордун маалыматына караганда, билинбегени менен, биз колдонгон боёктор кан айлануу системасына кирип кетүү коркунучун туудурат, ал эле эмес, бир катар аллергия ооруларын, эң коркунучтуусу, табарсыктагы рактын пайда болушуна алып келет.

Кеңештер

-химиялык боёктордун ордун табигый боёктор менен алмаштырыңыз;

-боёкту колдоноордон мурда аллергияңыз барбы, жокпу аныктаңыз, ал үчүн боёктун кичине өломүн алып, чыканактын же колдун ички тарабына сүйкөп, 24-48 саат күтүңүз, эгер эч кандай кычышуу, кызаруу байкалбаса, колдонууга болот;

-боёктун кесепетиенн учтары ачакей болуп кеткен чачыңызга азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү бальзамдарды клдонуңуз. Мындан тышкары боёлгон чачтар үчүн атайын маскалаарды жасасаңыз болот;

-чачыңызды алты айда бир боёгонүңүз туура;

-чачыңызды өзүнүн нукура түсүнө жакын түско боёңуз;

-чач кургатуучу, үтүктү көп колдонуудан оолак болуңуз.

Сеил Дубанаева 3-курс

        

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here