Despacito ырын аткарып чыгып интернет жылдызына айланган Толгонай Арзыкеева көп кырдуу талант ээси. Жаш экенине карабай ырдоодон сырткары бир нече аспаптарда ойноп, кино, клип, жарнамаларга тартылып келет.

Бүгүнкү каарман ачык-айрым сүйлөгөн жөнөкөй кыз болгондуктан маек алуу да жеңил болду. Чыгармачылыктан жеке жашоосуна чейин эски достордой сүйлөшүп отурдук. Маегибиздин башынан аягына чейин студияда тынбай күлкү жаңыргандыктан үн жаздыруучулар аны дүйнөдөгү эң шайыр кыз деп аташты.

— Instagram баракчаңызды барактап отуруп ар тараптуу экениңизди байкадым. Мунун баарына кантип жетишип жүрөсүз?

— Баары эле мени эртеден кечке иш үстүндө чуркап жүрөт деп ойлойт экен. Чынында бош убактым аябай эле көп. Азыр каникул болгонуна байланыштуу эртең менен шашпай туруп, үй жыйнап, түшкү тамакты жасап коюп өзүмдүн иштерим менен чыгып кетем. Күнүгө кечинде эртеңки күн тартипти телефонума жазып, кие турган кийимдеримди да даярдап койгондо гана жүрөгүм ток уктайм. Учурда автордук чыгармамды жаздырып жатабыз.

— Despacito ырын аткаргандан кийин мынчалык популярдуу болуп кетээрин күттүңүз беле?

— Despacito өзүнчө эле эркелеп бийлеп, жылмаюу менен бирөөгө тийишип жаткан сыяктуу ыр экен. Аны менин жактырган адамым аябай жакшы көрчү, ошого арнап жагымдуу угулган жерин аткарып койгом. Видеосун баракчама жүктөп койсом социалдык тармакта катуу талкууланып кетти. Мындай болоорун билгенде сөзүн толук жаттап, жакшылап боенуп чыкмак экенмин деп ойлоп койдум.

— Продюсерлерден сунуш түшкөн жокпу?

— Жакында бир россиялык продюсер кызматташууну сунуштады. Менин боюм кичинекей десем, «сендей кыздарды издеп жүрөбүз» дешти. Бирок азырынча Кыргызстанды эле кыйратып алайынчы деп баш тартып койдум. Казакстандан дагы чакыруулар түшүп жатат. Ал жакка конок катары барып келүү пландарым бар.

— Соцтармакта сизге карата айтылган терс пикирлерден кантип коргоносуз?

— Мурда менин айланамда жалаң жакшы адамдар бар экен деп ойлочумун. Анткени Despacito ырын аткарганга чейин көңүлдү ооруткан пикирлерди жазышчу эмес. Ырымды бөлүшкөн аккаунттардын ар бирине көз салып турам. Эми астындагы пикирлерди окусаң оозуң ачылат. «Айланайын жөн эле жаза бересиңби?» деп жооп бергим келип кетет. Ошон үчүн да Instagram баракчама жалаң чыгармачылыкка байланыштуу жакшы сүрөт, видеолорду жүктөйм. Жакын досторум эле кошулган дагы бир «жашыруун» баракчам бар ал жакка кыбыр эткенимдин баарын жүктөй берем.

Бир күндө социалдык тармактарга канча убакыт бөлөсүз?

— Бир жолу соцтармактарга кирбейм деп өзүмө чек койгом. Эми айтпаңыз… бир күндө 24 саат бар экенин ошондо билдим. Убактым кенен болуп, кылаарга иш таппай калдым. Курбуларың бир нерсени кеп калса түшүнбөй отурасың. Бир жумадан кийин кирсем каттар толуп кетиптир, эки күн телефон кармап отургам. Анткен менен соцтармактарды колдонууга мажбур экенбиз да. Менин жумуштарымдын көбү интернет менен байланышкан. Ушул жактан эл менен баарлашып, ой-пикирлерди угуп турам.

— Үнүңүзгө суктанып ырдап бер деп сурангандар көп болсо керек. Кандай жерде болсо деле ырдай бересизби?

— Жер тандабайм аялдамабы же маршруткада болобу айырмасы жок. Чоң апам да «бир жашыңда эле көзүңдү жумуп алып он сегиз жашты ырдай берчүсүң» деп калат. Эгер ыр жакса кытайча ырдаганга да даярмын.

— Чет элдик сынактарга катышайын деген пландарыңыз барбы?

— Жок. Азыр чет өлкөгө чыгууга даяр боло элекмин деп эсептейм. Качан өзүмө толук ишенип калганда анан барам.

— Кандай жанрдагы ырларды аткарасыз?

— Ырдын сөзүнө аябай маани берем жөн эле кайталана берген мотивдер жакпайт. Көбүнчө классика, жаз жанрында ырдайм. Муну чет өлкөдө абдан баалашса, биздикилер эмне эле бакырып жатасың деши мүмкүн. Кичинемден бери Мирбек Атабековду кумир тутуп чоңойдум. Ал менен алгачкы ирет жолукканда «мен сени Торгоюмдан (Нурмат Садыровдун клиби — ред.) көргөм» десе болобу… Мирбек Атабеков мени тааныйт экен деп тим эле жүрөгүм жарылып кете жаздады.

— Музыкалык аспаптарда дагы кол ойнотконуңузду билебиз.

— Мектепте окуп жүргөндө бир курбума жумасына 20 сом төлөп комуз үйрөнгөм. Ал мени даярдап, мугалимдерге алып барып экзамен тапшыртчу. Азыр ошол курбума рахмат айтам. Себиби улуу муундун алдында скрипка жакпай баратса, комуз чертип жиберсең жүзүң жарык болот. Кийинчерээк фортепьяно, флейта үйрөндүм.

Молодая певица Толгонай Арзыкеева во время интервью радио Sputnik Кыргызстан

— Ага да 20 сом берип үйрөндүңүзбү?

— Жок. Анда чоңоюп калганбыз да, акысыз эле үйрөтүштү.

— Клип, кино атургай жарнамаларга дагы тартылып жүрөсүз. Сыр болбосо гонорарыңыз канча?

— Мени көп акча табат дегендер жаңылышат. Эч убакта акчага берилип өзүмө «ставка» койгон эмесмин. Эгер бой көтөрө берсең «кичине эле кыз экен өзүнчө эмне болуп жатат» дебейби (күлүп). Кээде ыраазычылык үчүн деле катышып берем. Былтыр алгачкы жолу «Кокуй кошуна» аттуу киного катыштым. Анда да интернеттен көрүп эле чакырышкан. Учурда дагы сунуштар түшүп жатат. Негизи мага тарыхый тасмаларда эки бети кызыл, чачтары майда өрүлгөн кыздын «Апа! Коё туруңуз, кетпеңиз!» деген ролун ойногон жагат. Анан да бири-бири менен мушташкан кинолорго тартылгым келет. Эхх… боюм кичине да… Бирок режиссерлор сага шайыр, эрке кыздын ролун аткарган жарашат деп жатпайбы.

sputnik.kg булагы. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here