Аз мурун СССР курамына кирген республикалардын баардыгы Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгынын 76 жылдыгын белгилешти. Анан эмей, жаман окуянын башталышы да эскерилет, ушундай окуя болбосун деп эскерилет. Фашисттик Германия ачкан ошол согуш буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабда болуп, биздин СССРдан 27 миллиондон ашык адам курман болгон экен! Советтик Армиянын жоокерлеринин   сөөктөрү Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн баарында, Борбордук Европа өлклөрүндөгү мүрзөлөрдө  миллиондоп көмүлүп жатат, эстеликтери бар. Эгерде Советтер Союзу болбогондо, далай улут, анын ичинде биз-кыргыздар экинчи сорт адамдар катарында небак эле жок кылынмакпыз. Орустар, белорустар, украиндердин бир аз проценти калтырылып, алар жалаң гана карандай кызмат аткаруу ролун аткарып калмак. Эми фашисттердин планын айтып олтуруу жүрөктү түшүрөт да. Андыктан ошол жеринде калсын дейли. Фашизмди эңсеп турган Европадагы неофашисттер советтик аскерлердин кээ бир эстеликтерин талкалап, бузуп жатпайбы. Ошол айбандар фашизмдин, анын ичинде Гебельс башкарган СС аскерлеринин кылган мыкаачылыктарын, Бухенвальд, Майданек, Освенцим сыктуу концлагерлердеги кырыпжоюуну билишпейт, билгиси келбейт эмеспи…

Согуш башталган 22-июнь күнү Россиянын бардык аймагында желектер түшүрүлүп аза күтүү күнү деп жарыяланды. Согуштун бардык азап-тозогун чогуу көргөн бизде эмне үчүн аза күтүү болгон жок, ага окшогондор түшүнбөй калышты. Биз дагы аза күтсөк болмок, анткени, биздин да миңдеген жарандарыбыз согуш талаасында курман болушкан, тылда ач-жылаңач элибиздин да шору кайнаган! Ошол кезде орус, кыргыз, украин, грузин, казак, өзбек…бир эл болчубуз…

Ооба, бир эл болчубуз. Кеп чынынан кайдан бузулмак, бизди орустар кезегинде акырын келип эле басып алган. Уруу-уруу болуп чабышып турган абалдан кайран орусуң кеңири, ашкере  пайдаланган да! Андан соң орус элинин салт-санаасын жакшы үйрөндүк, камчысынын даамын таттык, алардын таасиринде жашоо-турмуш өзгөрдү дегендей… эми мас кыргыздар «горько» деп кыйкырат дегендей… Келечек турмушка тарыхтын көзү менен карап жашаганга болбойт. Антсең жаман ишке кабылып айлаңды таппай каласың. «Өттү, кетти… эми келеркисинен берсин» деп жашоо керек эмеспи. Өткөн нерсени, кайтармай жок, качандыр бир орус басып алган экен, ал тарыхты кантип оңдомокпуз?! Келечегинен берсин деп, басып алган саясатты унутуп, 16-жылдагы трагедиялуу окуяны тарых катары гана эстеп жашашыбыз керек. Ошол окуяга байлап орустардан өч алабыз деген болсок, дайныбызды таппай калбайбызбы! Ыгы келип турат окшойт, айтып калайын: өткөн баатырларды дайны жок көтөрө чаап, кыйын эл болгонбуз деп, азыр кыйын болгондон эч нерсе жок эле өкүлдөй берген да жакшы жосун эмес. Айталы, «Манас, Манас» деп күпүлдөп жатып, корооңо ууру кирсе, катыныңдын дамбалына кире качкан да жаман жосун. Сен Манасты айт, бирок, анын келип бербесин бил, аны менен бирге Манастай болууга умтул! Ошондо гана Манас баатырыбыз бу жашообузда пайда келтирет…

Адамзат тарыхында айтылып турат го- мамлекеттүүлүк пайда болгондон баштап эле бир мамлекет экинчи мамлекетке көз каранды болуп келген, эгер мамилелер келишпесе, майда согуштар, же болбосо жүз жылга созулган узун согуштар чыгып турган да. Бүгүнкү күндө мамлекеттердин мамилеси кандайдыр бир өзүмчүлдүктү элестетип турган менен, сөзсүз түрдө бир мамлекет экинчи бир мамлекетке көз каранды, бири-бирине муктаж, бирин-бири башкарат дегендей… Мына ошол тараптан алганда биз-кыргыздар орустарга көз каранды болуп турабыз, биздин турмушту орустардын жардамысыз элестетүү мүмкүн эмес. Эгерде өз алдыбызча эле жашайбыз деп тейтектей турган болсок, жинибиздин кагылары бар. Тоотпой турган абал келсе, Канттагы самолёттор кенедей Кыргызстанды бир эле айланып коёт… анан БУУга даттанып жата бер…  Андан кудай  сактасын! Демек, «эркиндик, демократия» дегенди «билгениңди кыл да, өз намазыңды оку» деген сымал түзүнөн түшүнбөй, орустардын жанында экенибизди, анын «чоң муштуму» төбө тушта экендигин  эстен чыгарбаш керек, «биз элбиз, биз кишибиз сени менен» деп ырдап туруш керек! Эгерде ушул маселени дагы да уланта турган болсок, жүрөк каначу жерлери да бар, андыктан аларды өз тарыхында калтырып, кийинкисинен берсин деп Алмазбек Атамбаевдин Москвага барган сапарын айтып, ал сапар канча жакшылык алып келгенин жана да алып  келерин эсеп-чоттоп кёлу…

Атамбаевдин бул сапары достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү  орус-кыргыз келишиминин кол коюлгандыгынын 25-жылдыгына арналды. Ал сапар   түрдүү атты алганы менен, жыйынтыгы бир болду-бул бардык официалдуу сапарлардан артык болду, аябай ийгиликтүү болду. Президенттин тышкы саясатта жакшы жагынан эстеп жүрчү сапар болду. Бу сапарды «акыркы сапар», «коштошуу сапары», «дембельский сапар» деп ар кандай атап турушту, бирок, кандай аталбасын «жакшы» деген баага эгедер болгондугун танууга болбой калды.

Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу көптөн бери көрүшпөй сагынышып калган эки бир туугандын кезиккениндей, болбосо кан достордун кезиккениндей  кеп болду! Чынында экөөнүн мамилеси башынан жакшы, мүнөзү шар эки жигиттин бири-бирине сөз тандабай ачык сүйлөшкөнү мамилелерин ого бетер мыкты кылып жатпайбы.  Сый тамак үстүндө Атамбаев сөз алып, Байкал, Енисей, Саратов, Сибирь деген кыргыз сөздөрү жөнүндө сөз баштаганда КГБнын көзөмөлүндө чоңойгон муун эмеспизби, шүрөгүм шуу деди. Бирок, кеп ыгы менен айтылды, олтургандарга таасири жетип турду…

Бул сапарда Россия бизге берген 240 млн. карызын кечип, эки мамлекеттин финансы министрлери Адылбек Касымалиев менен Антон Силуанов кол койду.  Э айланайын, бу деген эбегейсиз сумма да! Мурун да далай карызды кечкен Россия бизге мамилеси түз экендигин, айкөл мамлекет экендигин эми бир ирет айкындап койду окшойт! Бу жолу толгон-токой экономиикалык келишимдерге кол коюлду, Россия бизге далай жардамдарды берет, алардын баары бекер болот.

Канттагы орустардын авиабазасы

Кийинки учурда дүйнөлүк кубаттуу эки держава – Америка менен Россия илгеркидей эле «кансыз согушту» баштарынан өткөзүп, тирешип турат. Мына ушундай кырдаалда аталган эки мамлекет тең өздөрүнө өнөктөш издөө менен алектенип жатат. СССР тараганда  өзүнүн 14 «инисинен» айрылган Россия эми ошол абалды «маданиятуу түрдө» кайтаргысы бар. Азырынча жол жакшы уланат,  Евразия сыяктуу биримдикти түзүп дегендей… Кандай болгон күндө да биз орустардан кол үзбөшүбүз керек! Кытай, Турция сыяктуу мамлекеттер менен сый мамиледен башка жакындыктын кереги деле жок… Орустар менен канчалык дос, тууган, пикирлеш болсок да кыргыз тилин сактоону унутпайлы, өз алдынча улут экенибизди унутпайлы, орустардын ичинде чайга салган канттай эрип кетпейли. Бул макалада айта турган негизги оюм ушул!

Атамбаевдин бул жолку расмий сапары оппозиция тарапка, албетте, жаккан жок. Ар кандай ойлорун айтып, аталган сапардын кадырын түшүрмөкчү болуп аракеттенип көрүштү эле, анысы ишке ашпай, оор үшкүрүктү башынан өткөрүп турушту. Менин оюмча, президенттин ушул сапары оппозицияга урулган катуу сокку болду!

Албетте, мамлекеттердин жетекчилери жолукканда элге жарыя кылбачу маселелер сөзсүз сүйлөшүлөт. Путин менен Атамбаевдин ушул жолку жолугушуусунда элге айтпачу маселелердин эң башкысы- Кыргызстандын эмдиги президенти ким болот деген маселе каралып, Сооронбай Жээнбековду келечек президент катары көрүшкөнү жарыясыз эле түшүнүктүү болуп турду. Биринчиден, Сооронбай Жээнбековду Атамбаев өзү тандады, экинчиден, Атамбаев тандаган талапкерди Путин сөз жок колдоп берет, үчүнчүдөн, Атамбаев саясаттан кетпейт, ал Жээнбеков аркылуу мамлекетибиздин басчу жолун көзөмөлдөшөт.  Менин оюмча, дегеле көпчүлүктүн оюнда, президент болчу башка талапкерлер акчасын чачпай эле койгону оң. Анткени, бийлик кийлигишкен иште, кайсы маселе болбосун алардын пайдасына чечилерин тарых тастыктап келет. Азыр бийликти басып алууга шарт түзгөн абал жок эмеспи… Мына ушуларды ойлогон саясатчылар, коомдук ишмерлер, кызматкерлер Атамбаевден качар жолу жок. Анын ишенимдүү жигиттери, санаалаштары, «дүжүр чалдары» дагы далай жыл анын жанында болот…

Автор: Баратбай Аракеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here