Кечээ күнү тили буудай кууругандан башка берекеси жок Адахам Мадумаров да анча-мынча өзүнө ишенгендерди чогултуп алып аты бар, заты жок партиясынын курултайын өткөрүмүш ээти. Буга чейин Сариев, Төрөбаевдердин өткөргөн партияларына бир топ саясатчылар барса, Мадумаровдун курултайына андай саясатчылар деле барбады. Кадыры эчак кайтыш болуп кеткен саясатчыга ким эле баргысы келсин десең. Келдибеков болсо эл көзүнө, душман көзүнө деп барып, Мадумаровду калп да болсо мактап, бакылдамыш этип койду.  Деги эле, Мадумаров кайсы арына Президент болугусу келип жатканы белгисиз. Биринчи өз айлына барып жергиликтүү шайлоого катышып, андан өтүп алса, айыл өкмөттүккө коюп көрбөйбү, кадырын сынап. Айыл өкмөттүккө да өтпөй калышы да мүмкүн. Себеби, кыргыз эли Адахамдын кургак, популисттик, кооз сөздөрүнөн эчак чарчап бүткөн. Эл таза иши менен таанымал, таланттуу, татыктуу адамга муктаж. Популисттерге, чеке жылытпаган чечендерге бул шайлоодо жол жок…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here