Социалдык түйүндөр пикир билдирүү, маалымат алуу, маалымат алмашуу, маанилүү маселелерди талкуулоо, ийгиликтерди мактоо, жамандыкты тең бөлүшүү болуп келе жатып эле, баягы канга сиңген, сындоо, ушактоо, жаманатты кылуу аттуу аракеттер аралашып кетет. Баарынан да “жеке жашоо” боюнча талкуулар, кимдир бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишип жамандоолор алдыда турат.

Ар кимиси өз баасын көтөрүү, бирөөнү басынтуу, актануу ирээтинде бир нерсени жем кылып ыргытып коет. Окурмандар ага жабышып, жулмалашабыз. Ар кандай пикирлер жазылат: жакшысы да, жаманы да, ар-намыска шек келтиргени да, ар кандай шек жаратканы да. Мындай пикирлерден эркектер да четте калбайт.

Талкуудагы фигуранттар да “адам” экени, алардын үй-бүлөөлөрү, балдары, ата-энелери, тууган-уруктары бар экенин эске албайбыз.

Жамандоо жакшылыкка алып келбей турганы туурасында психологдор, акылмандар айткан төмөндөгү белгилүү ойлорду эстейли:

Бири-бирин жаманатты кылуу кандай экендиги тууралуу белгилүү 5 пикир:

1.       Эч качан бөлөк бирөөнүн өткөн жашоосуна күлбө, анткени сен өзүңдүн келечегиң кандай болоорун билбейсиң.

2.       Башка бирөөнү сындаардан мурда өзүңдү билип ал, ким ыплас нерсени ыргытса демек аны кармаган колу да таза эмес.

3.    Ислам ушак-айыңды, пайдасыз баарлашууну, өзүнө тиешеси жок  иштерге аралашууну сындайт.

4.    Библияда жамандаба, жаманатты болбойсуң деп жазылат.

5.    Жашоо – бумеранг. Кылган нерсең өзүңө кайтып келет.

Бири-бирин жаманатты кылган адамдар туурасындагы белгилүү 5 белги:

1.       Түшүнбөстүк,

2.      Өзүн идеалдуумун деп ойлогон адам,

3.      Жакындары жана тегерегиндегилер тарабынан көңүл бурулбай калган адам,

4.      Өзүн-өзү кем деп эсептеп, өзүнө төмөн баа берген адам,

5.      Ийгиликке жетишип, өзүнөн мыкты көрүнгөн бирөөлөргө ичи тарып, көрө албастык кылгандар.

Бирөөнү жаманатты кылуудан арылуунун 5 жолу:

1.    Ушак башталса кошулба же чыгып кет.

2.    Башка бирөөнө баа берээрден мурда “Мен баа бергидей анчалык ким болуп кеттим?”, — деп өзүнө жооп берүү керек дешет акылмандар.

3.    Тил ошончолук эле кычышып жатса, орой эмес, жымсалдап гана сүйлөө керек дешет психологдор.

4.    Айрым учурда жамандоонун оордуна кеп-кеңеш берсе болот экен.

5.    Өз жашообузга керектүү жана пайдалуу иштер менен алектенүүбүз зарыл. Ата-эне, үй-бүлөө, бала-бакыра, жумуш, китеп, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, бассейн деги койчу мээде башка бирөөнүн жеке жашоосу үчүн орун калбагыдай өмүр сүрүү зарыл.

Булак5news.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here