Комуникация технологиялары убакыт өткөн сайын өнүгүп,көптөгөн жеңилдиктерди жаратууда.Мурда теле берүүлөрдү сыналгыдан гана көрө алсак,учурда уюлдук телефон,планшет аркылуу,каалаган убакта,каалаган жерде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат.Мунун баары санариптик телеберүү аркылуу ишке ашууда.Эң башкысы санариптик берүүгө өтүүдөгү негизги максат катары маалыматтык коопсуздуктун корголушу аталган. Кыргызстан башка мамлекеттерге караганда санарипке бир аз кечигүү менен кирип жатса да бул аалам айдыңын багындырууга жетишти.

Санариптик телеберүүнүнүн оң жана терс жактары тууралуу белгилүү диктор айым Чынар Капарова төмөндөгүлөргө токтолду: Санарип, негизи кошумча адамдар менен ашыкча техниканы талап кылбайт.Телесигналдарды көрүүчүгө жеткирүү опол тоодой убарагерчиликти ,адамдык ресурстарды,ири каржыны талап кылып келгени анык.Телеканалдар өндүргөн  телепродукцияларын элге жеткирүү үчүн башка мекемелерге(РПО,РМТР өңдүү) көз каранды болуп келген.Бирок ,жаңы медиа технологиялардын өнүгүшү жана жаңыланышы менен телеканаларды көрүү жөнөкөйлөштү.Жөнөкөйлөшүп гана тим болбой атаандаштыкты пайда кылды.Ал эми атаандаштык бар жерде өнүгүү болору турган иш.Санарипке өтүү менен Кыргызстандагы телеканалдардын сигналдары көрүүчүлөргө ашыкча убаракерчиликсиз тартуулана баштаганы санариптик берүүнүн негизги артыкчылыгы.Мисалы,эски телекөрсөтүүлөрдү жайылтуу үчүн  кабелдерди тартууда техник адистер,жумушчу күчтөр керектелген.Азыр кабель тартуунун да,ашыкча адам күчүнүн да кереги жок.Азыр эң жөнөкөй жана сапаттуу чаралар бар.Санарип дегендин өзү эле бул-пайдалануудагы жөнөкөйлүк,видео менен үндүн жогорку сапаты,сигнал таратуунун кеңдиги,жыштыктардын натыйжалуу колдонулушу.

Ал эми терс жагы,аналогдук көрсөтүү учурунда сигнал алсыз болгон учурда,кандайдыр бир картинканы же элести көрүүгө,айрым учурда картинкасы болбосо дагы үнүн угууга мүмкүнчүлүк бар эле.Санарип болсо,эгер санариптик сигнал жоголуп кетсе,телевизор эч нерсени корсөтпөй калат.Бош ящик болуп калаары анык.Санарип үчүн кадимки эски чыгарылыштагы телевизордун жараксыз болуп калышы жетишпеген жагы катары каралат,анткени ар бир үй бүлө жаңы техника сатып алууга кудуретсиз.Демек,жаңы телевизор же кошумча приставка алууга туура келет.

Ош шаарынын тургуну Саида айымдын айтуусуна караганда,санариптик телеберүүгө өтүү үчүн  көрүүчүлөр  50-100 долларлык  “ресивер” алыш керек.Ансыз да зорго-зорго турмуш арабасын тартып жүргөн карапайым эл анда эмне кылат.Баягы эле байлар телевизор көрөт экен да анда.Калгандар эч нерсе көрбөй,ансыз да маалымат жетишпей жаткан караңгы элибиз биротоло караңгы болуп калат турбайбы деген оюн билдирди.

Учурда борбор каалабыздагы “Фрунзе” гипермаркетинде ресиверлер 1420 сом турат.

Эскерте кетсек,Кыргызстан 1994 -жылдан тарта  Эл аралык электробайланыш союзунун мүчөсү болуп саналат.Ошондуктан дүйнөнүн башка 103 өлкөсү менен катары 2006-жылы Женевада өткөн Аймактык радиобайланыш конференциясында санариптик берүүгө өтүү планына кошулган.

Автор: Акылбек кызы Айпери

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here