Чагылган: Жыл башынан бери дүйнөлүк мелдештерде жалаң баш байгелерди багынтып келаткан биздин айтылуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Эркин күрөштүн бирдиктүү дүйнөсү (United World Wrestling) бул айдагы балбан кыздардын рейтингинде 58 кг салмакта дүйнөнүн үч алдыңкы спортчусунун катарына кайрадан кирди. Белгилүү болгондой Айсулуу мындан үч ай мурун эле бул күчтүү үчилтикке кирген болчу. Мындай көрсөткүчкө Эл аралык мелдештерде алган акыркы алтындары себеп болгон. United World Wrestling жыйынтыгы боюнча биринчи орунда бир топ убакыттан бери жапон Каори Ичо, экинчи сапта Тунистик балбан Марва Амри турат.
Кудай буйруп, биздин балбаныбыз аз убакытта биринчи орунга чыгып калаар. Ошол жакшы тилекти Кудайдан тилеп туралы…
https://www.youtube.com/watch?v=0ZEe0dwR6aQ