Талкууга түшкөн сүрөт боюнча Айчүрөк Иманалиева дагы фейсбуктагы баракчасына өзүнүн жообун берди:

-Тынч жашай албай калгансынбы Анжелика??? Мындан бир жума мурун Айчурок Анжелика ырдап атканда музыканы очуруп салышты деп жазып чыгышты. Карандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чуйдого маани бербей эле коеюн дедим. Эми интернетти аралап жургон суротко мени куноолуу кылыптырсын. Мен сенин суротторунду сактагыдай, жакшы коргон адамым белен. Сенден конул калган куну эле баарын очургом. Сенин суротунду кормок тургай, атынды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайынды чыгарган айланандагы адамдардан изде. Жанында журуп, билдирбей сатып кетчу адамдар болоорун билбейт окшойсун. «Байке кымбат фотосессия жасатып бергени атат, чогуу барып, жардам беринизчи» деп суранганында, макул болуп бир особнякка барбадык беле. Телефон менен суйлошуп, он минут эшикке чыгып келсем, энеден туума жыланач болуп, суротко тушуп атыптырсын. Ошол жерден кийимдеринди устуно жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам, «Менин омур бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганынар» деп фотографтарды урушкам. «Бул сурот коомчулукка чыгып кетсе, сотко берем» деп коркутканымды унуттунбу. Ал уйдон сени колундан жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал суроттор ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз да эмес, сен айткандай он жыл сактап жургон болсом, он-беш жыл мурда эле колдонбойт белем. Болоктун тилин турмак, козун тийгизгенден сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесен да, Кудай билет!
Эми болсо интернеттеги суротторду «Айчурок эже тарткан» дейсин. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жургон адам менин айтуум боюнча эле суротко тушуп берет экен да. Жалганды да окшоштуруп айтчы.
Сурот тараткандан коро иштесе болмок деп айткан экенсин, айланайын, кулкумду келтирбечи, сендей кезимде эларалык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жуздон бир пайызын да жасай элексин. Бишкектен чыкпай туруп сен мага корсотмо бербе. Музыкамды очуруп салды, антип койду, минтип койду деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланандагы адамдардын аксакалдарынын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп атабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайынды мындан ары да чыгара бер, мага баары бир!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here