Изилдөөнүн жыйынтыгында WhatsApp менен Twitter компаниясына эң начар баа берилген

Американын Electronic Frontier Foundation коммерциялык эмес уюму элге кеңири тараган мессенжерлерде жарандардын укугунун корголушу боюнча изилдөөсүн жарыялады.

Эксперттер 26 интернет компаниянын ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүп, нөлдөн бешке чейинки көрсөткүч менен баа берген. Анда өздүк маалыматтарды үчүнчү тарапка өткөрбөө, мамлекет менен өз ара иш алып баруудагы айкындуулук жана атайын кызматтардын сурамдарына жооп берүүнүнүн мыйзамдуу жактары каралган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында колдонуучулардын өздүк маалыматтарын бийликтегилер ачыктай албаган тогуз компания аталды. Ага ылайык Adobe, Credo, Dropbox, Lyft, Pinterest, Sonic, Uber, Wickr жана WordPress эң жогорку баага татыса, Facebook, Google, LinkedIn, Microsoft жана Apple комапниялары көрсөлтүлгөн жогорку ченемге бир балл жетпей калган.

Ал эми WhatsApp менен Twitter болгону эки гана балл алып, эң начар деген баа берилген. Бул компаниялар мамлекет менен кызматташууда колдонуучулардын өздүк маалыматтарын ачыктабаганы менен маалыматтардын үчүнчү тарапка өтүп кетпөөсүн коргоого кепилдик бере албайт деген тыянак чыгарылган.

Булак sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here