Джинсы шымдар сатылышы боюнча алдыңкы орунда турат. Муну менен өндүрүүчүлөргө көп пайда алып келет. Бирок аларга пайда алып келген джинсылардын адамдар үчүн зыяны да бир топ. А сиз алар тууралуу билесизби!?

Мындай шымдарды айымдар да, мырзалар да, улуусу да, кичүүсү да кийип атактуулугун арттырууга салым кошуп жатабыз. Тар джинсылар мода дүйнөсүндө алдыңкы тренд катары эсептелинет. Бирок доктурлардын айтымында бул  “модалуу” шымдар саламаттыкка олуттуу зыянын тийгизет, такай кийип жүрүүнү сунушташпайт. Зыяндуулугун тийзмектеп көрөлү:

Алардын эң биринчи залакасы- тардыгы. Британиянын медицина кызматкерлери изилдешип, жыйынтыгында, көп убакыт бою тар джинсы кийип жүрүү “парестезия” дартына чалдыктырат дешкен. Парестезия- сезгичтиктин бузулушу.

Ар дайым кысылып жүргөн денеден ыңгайсызлык жаралып, теридеги нервтер сыгылат. Аба толук өтпөгөндөн улам буттар шишип да кетиши мумкун. Бел, бөйрөк ооруулары мындай шымдардын бедели десек болот. Булардан сырткары осанка, түз басуу, денени формасы да ошого жараша өзгөрөт дешкен.  Доктурлардын бул пикирине 24 жаштагы Жылдыз мындай жооп айтат:

Мода болгон үчүн мен да тар джинсы көп кием. Шымды чечкенден кийин женилдеп калам. Анан буттарым кызарып, кычышып ынгайсыздык жаратат. Буттарымдын шишигенин байкабайм” дейт. Бирок Жылдыз өзү үчүн сулуулук ден соолуктан да өйдө тураарын жашырган жок. Джинсынын дагы бир “минусу”- кышкысын суук тартат, белинин кыскалыгы да жаштар учун зыян делип келет. Өзгөчө кыздар учун кыштын күну буттар, ичтен ылдый муздакта болушу жыныстык органдарга суук тийип, ар кандай оорууларга алып келет. Аларда кан айлануу бузулуп, “кандын уяшу” пайда болот. Ошондуктан бул жерде жумуртка клеткалары алсыздайт да тукумсуздукка жеткирет. Гиникологдун айтымында: тар джинсы аялдарда оозул (молочница) ооруусун пайда кылат. Шым абаны жакшы өткөрбөгөндүктөн оозул козголуп, “candida” бактериясынын көбөйүшүнө жардамчы болот. Статистика боюнча Кыргызстанда жылына 15 тен көп аял жапа чегет.

Мырзалар үчүн да зыяны ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Жадакалса бул шымдарды эркектер үчүн “жылуу кострация” деп атап келишет. Себеби эркектерде спермотогенез процесси уруктуктун дененин температурасынан төмөн болгондо гана жүрөт. Ал эми тар шым жумуртканын температурасын жогору кармайт.

Сатыкка чыккан тар джинсылар ар түрдүү түстө боёлот. Учурда каалаган өнүн сатып алсак болот. Бирок алардын ден соолукка зыяны бар экенин көпчүлүгү билбесе керек. Эгер арзан баада болсо жасалма. Анда фенол химиялык кошулмалары бар. Фенол денени күйгүзүп жиберүүсү ыктымал. Бул уулуу зат нерв системасын, дем алууну, кан айланууну бузат. Көздү жана терини жабыркатат. Мындан улам доктурлар арзан джинсыны албоого чакырат. Эгер сиз сапаттуу шым алдым десеңиз бир саамга токтой туруңуз, ал шымда фенол жок деп айтууга кепилдик жок. Анткени айрым амалкай сатуучулар товарды узакка сактоо учун бул химикатты колдонушат. Себеби фенол көгөрүп кетүүдөн сактайт. Ошондуктан адистер джинсыны фирмалык дүкөндөрдөн алууну сунушташат.

Суукта да сулуулукту ойлоп бели кыска шым кийгендер биринчиден ден соолугун курмандык кылып жатышса, экинчидер кел бетин да бузуп алышат. Кантип? Суук мезгилде бели кыска кийгенде, белдин ачык калган жери муздап турат. Организм үшүп турган денени май менен коргоого өтөт. Ошентип белде ашыкча майлар топтолот.

Ошондой эле дайыма бели тар джинсыны көп кийүү белди кысат да, целлюлит пайда болот. Башкача айтканда “сүйүктүү” шымдын кесепетинен кийин көйнөк же юбка кийгенде бөйрөк тушуна май топтолуп, капталдар салаңдап калат. Студент Аманкулова Нургуль ушундай жагдайга туш болгону менен бөлүшөт: “Мен азыр 22 жаштамын. Джынсыны 8-9 жашыман бери дайыма кием. Гардеробумда дээрлик ошондой шым десем болот. Жаштардын көбү кийгенден болсо керек, менда бул шымдан эч баш тартчу эмесмин. Акыркы күндөрү белимде майлар пайда боло баштады. Тар кийим кийгенде өзүмү ыңгайсыз сезе баштадым

Акушер-гинекологдор да тар шымды кийбөөнү айтып келишет. Анын себеби тар шым жамбаш сөөктү кысат да төрөт учурунда эне эле эмес, наристе да кыйналып калат деп түшүндүрүшөт. Белгилей кетчу нерсе джынсы материал өзү зыян эмес, андагы фетон зыян. Сунуштар: Тар шымды такай кийбеңиз, арзан жасалма шымды алуудан баш тартыңыз.

Сеил Дубанаева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here