Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду мамлекеттик менчиктеги айрым мекемелерди ишке киргизүү максатында аукцион өткөргөнү жатат. Ага ылайык,  Кара-Балта шаарында жайгашкан мамлекеттик “Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлганы маалым болду. ССР тушунан бери атагы таш жарган бул заводдун  баштапкы баасы 200 млн. сомго эле бааланган.  Аукцион 14-августта саат 14:00 өтөт экен.  Маалымат катары айта кетсек: Карабалта спирт заводунун” карамагына жалпы аянты 10 миң 155,4 чарчы метрлик 1943-жылдан 2010-жылга чейинки курулуштар, 30 миң 319,49 чарчы метр жер тилкеси, унаа, жабдыктар, эмерек жана кеңсе техникасы, болжолу менен 10го жакын транспорт каражаттары кирет. Боло турган  аукцион ачык болуп ага мамлекеттик мекемелерден башка бардык каалоочулар катыша алат. Аукциондун жеңүүчүсү деп эң көп сумма сунуш кылган жаран табылары анык.  Ал эми тар чөйрдө, ири ишкерлер, биттин ичегисине  кан куйган бизнесмендер кирешелүү бул спирт заводдго ээлик кылып калууга жан үрөп, ар кандай аракеттерди көрүп жатышканы айтылууда. Алардын арасында элибизге белгилүү алкомагнаттар да, саясатчылар да бар. Айтор, аукциондон кийин “ачуу” заводду таанымал адамдар “басып” жыгылса таң калуунун кажети жоктур. Бирок алар басып алуу же сатып алуу ишин башкалардын колу менен жасашарын да  унутпоо керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here