Сүрөткө түшүү-баарынан мурда урунттуу  учурларды гана эстелик үчүн чагылдыруу болуп эсептелиши керек. Ал эми учурдагы  смартфондордо фронталдык  камералардын пайда болушу менен сурөткө түшүү көпчүлүктүн сүйүктүү алектенүүсүнө айланып бараткандай.

Ар бир кадамын, жеген тамагын сүрөткө тартып социалдык тармактарга жүктөө өзүнчө эле, мода   же өнөкөткө айланган оору болуп калды десек болот. Вертуалдуу ааламдын алкагында өзүн оргинал, башкача көрсөтүү үчүн адамдар экстрималдуу селфи жасоого умтулушат.Көптөгөн «лайктарга» ээ болуш үчүн белгиленген чектерден чыгып, коркунучтарга  карабай жашоосун  тобокелге салышууда. Өзгөчө кадрды кармайм деп өмүрүнө зыян келтиргендердин саны күн санап өсүүдө. Бул айтылгандарга азыраак мисал келтирели.

Үстүбүздөгү жылдын  17-сентябрында Таш-Көмүрдө 4-класста окуган эки окуучу  сүрөткө түшөм деп аскадан учуп кетишкен. Натыйжада алардын бири каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми статистика селфиден өлгөндөрдүн саны акуланын чабуулунан  да  каза болгондордордон да көп деп билдирет.

Деги эле адамдар эмне себептен селфи кылышат деген суроого психолог Кадыян Бообекова: “Биринчиден адамдар жаңы телефон алганда аны текшерип көрүү үчүн селфи жасашат ,экинчи себеби бул –кызуугуу. Сүрөткө бетим кандай чыгат, чачым кандай чыгат деп кызыгышат. Сэлфи  жасоо кыздарда көп байкалат. Ал эми өзүн өзү мүнөт сайын тарткан адамдарда “нарцизм” оорусу бар. Нарцизм өзүн өтө жактыруу оорусу, четтен тыш көрүнүш болуп эсептелинет” — деп билдирди.

Эмне үчүн  экстрималдуу селфи популярдуу болуп жатат деген суроо менен фотограф Улугбек Эсенгуловго кайрылганыбызда: “ Бул жанр жаны чыгып келе жатканы үчүн көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып жатат.Бир жагынан алып караганда  адамдар өзүн эр жүрөк көрсөтүш үчүн, башкаларга көрүнүш үчүн экстрималдуу селфини колдонушат. Ал эми экинчи тараптан вертуалдуу дүйнөдө жашаган,социалдашпаган инсандар сүрөттүн ушундай жанрын тандашат” деп өз пикири менен бөлүштү.

“Ал эми  селфинин жакшы тарабынын бири, кадрга баардык адамдардын батуусу. Мурда сүрөткө тартып жаткан адам өзү сүрөткө илинбей калчу. Азыр селфи таякчаларынын жардамы менен баардгы кадрга оңой эле батышат”- дейт модель Айжан Муратбекова.

Эң башкысы ар бир нерсени жасоодо терең ойлонуп, чектен чыкпоого аракет кылганыбыз оң. Социалдык тармакта сенин селфиңди миллиондор жактырса да, жашоо бир келет. Ошондуктан жашоону баалай билишибиз керек, өзгөчө сүрөт жасайм деп өмүрүбүздөн айрылып калбайлы.

Акылбек кызы Айпери

  Студент. 3-курс

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here