Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев кечээ, 10-июлда Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүндө кайтыш болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган карылар үйүнүн директору Бакыт Жунушев билдирди.
Анын айтымында, К.Назаралиев 66 жашта болчу.
«Биздин карылар үйүнө 3 жыл мурун келген. Ага чейин актерлордун атайын жатаканасында жашачу экен. Балдары менен тагдырга байланыштуу катышчу эмес. Жакшы киши эле. Кечээ уулу келип, сөөгүн Таласка алып кетти. Паралич, инсульт болуп, баса албай ооруп жүргөн. Мындан бир жума мурун уулуна телефон чалып, «атаңды кара, абалы күндөн-күнгө оорлоп бара жатат» деп айткам. Келип кеткен эле», — деди ал.
Калыйбек Назаралиев Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында 1951-жылы туулган. Москвада өткөн декадада коюлган спектаклде ойногон ролу үчүн Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти наамын алган. Нарын театрында 10 жылдан ашык эмгектенип, СССР таркагандан кийин үй-бүлөсү менен борбор шаарга көчүп келишкен. 2 уул, 1 кыздын атасы. Улуу баласы кайтыш болуп калган.
К.Назаралиев «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларына да тартылган.
turmush.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here