ИИМдин кызматкерлери адам өлтүрүү, тоноо, унааларды урдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган топтун башында Чүй районунун 1992-жылы туулган тургуну А.К. турган. Ал Рыспек Акматбаевдин тобунда мүчө болгон «Чоро» каймана аты бар С.А.нын уулу. Ал өзүнүн атасы сыяктуу кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турат.
А.К. 2013-жылдын аягында кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн куралдуу топ түзгөн.
«А.К. криминалдык чөйрөнүн эрежелерин карманган досторун, классташтарын жана башка тааныштарын өзүнүн айланасына топтогон. Бул топ туруктуулугу, куралдары жана техникалык жабдуулары менен айырмаланат», — деп айтылат маалыматта.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү:
— Топтун лидери А.К., 1992-жылы Чүй районунда туулган. «Чоро» каймана аты бар С.А.нын уулу;
— С.Н. (каймана аты «Малыш»), 1980-жылы туулган. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган, Чүй районунда жашайт. «Чоронун» бакма баласы. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесине киргизилген;
— А.Э. (каймана аты «Эдук»), 1990-жылы туулган. Токмок шаарынын тургуну. Мурда тоноочулук беренеси менен соттолгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесине киргизилген;
— Б.М. (каймана аты «Микиля»), 1993-жылы туулган. Токмок шаарынын тургуну. Мурда куралдарды мыйзамсыз сактоо беренеси менен соттолгон. Унааларды уурдоо менен алектенет;
— А.А. 1990-жылы туулган, Токмок шаарынын тургуну.


Булак: turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here