Чехияда Facebook баракчасында түз эфир жасап жаткан кыздар жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен бирөө каза болгон. Жол кырсыгы тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Видеодон кыздардын катуу ылдамдык менен баратканын көрүүгө болот. Кырсык болгон учурда жүргүнчү кыздын колунан телефону түшүп кеткен. Бирок уюлдук аппараттын камерасы дагы 20 минуттай иштеп турган деп айтылат маалыматта..5-tv.ru басылмасынын билдиришинче түз эфирди Николь Барабасова жасап, курбусу машинаны айдап бараткан.

Алар саатына 120 чакырым менен жүрүп, жол четиндеги тосмого урунган. Бул кырсыктан жүргүнчү каза болуп, айдоочу кыз оор абалда ооруканага жаткырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here