Күнгө күйүү үчүн туура убакыт тандап алуу маанилүү. Ал үчүн эртең мененки саат 9дан 11ге чейин жана түштөн кийин 16дан 19га чейин. Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы зарыл. Биринчи күнү эле 2 саат кактанып албаңыз, себеби денеде аллергия пайда болушу мүмкүн. Алгач күнгө чыгып күйүүнү 5 мүнөттөн баштоо керек. Андан кийин 10 мүнөт. Ошентип отуруп, шашпай 2 саатка жеткиребиз. Ошондой эле күнгө жылаңач чыгып алуу да туура эмес. Андыктан биринчи жолкусунда колуңузду, анан бутуңузду күнгө кактаңыз. Ошентип, денеңиз кичине ысыкка көнгөндөн кийин үстүңүздөгү кийимди толук чечип, 2 саатка чейин күнгө кактансаңыз болот. Күнгө күйүүдө көздү, чачты жана бетти өзгөчө сактоо керек. Бул үчүн пляжга бараарда баш кийим, күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз.Ошондой эле жел жүргөн курганууга болбойт, денедеги суунун тамчылары линзаларды пайда кылып, нормадан ашыкча күйгүзүп жиберет. Андыктан жөн гана аарчынып коюу керек.

Күнгө күйүүгө тыюу салына турган себептер:

1- Онкологиялык ооруга чалдыккандар
2- Кош бойлуу айымдар
3- 5 жашка чейинки балакайлар
4- Варикоз менен жабыркагандар
5- Рак, жүрөк оорусу жана кургак учук менен ооругандар
6- Терисинен жараат алгандар
7- Бетинде сепкили барлар
8- Биринчи типтеги терилүүлөр

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here