29 жаштагы түштүк Африканын тургуну Эмлин Калвервелл жана анын сүйүктүүсү Украиналык 27 жаштагы Ирина Нохай Дубайда никесиз төшөк мамилесине баргандыгы үчүн камакка алынган. Түгөйлөр 2 айдан бери камакта экенин чет элдик басылмалар жазууда.

Маалым болгондой, Эмлин менен Ирина Эмиратта жумуштары аркылуу таанышып калышкан. Бири-бирин жактырып калган түгөйлөр  жарандык никеде жашап жүрүшкөн.

Эки жашты 2017-жылдын 29-январь күнү полиция кармап кеткен. Ал күнү ичи ооруган Иринаны сүйүктүүсү Эмлин ооруканага алып келет. Дарыгерге көрүнгөн соң Иринанын кош бойлуу экени маалым болот

Бириккен Араб Эмиратындагы никесиз интимге баргандарга тиешелүү болгон закон боюнча, дарыгер дароо полицияга кабар берет. Текшерүүнүн жыйынтыгында, эки жаштын нике күбөлүгү жок болгондугуна байланыштуу, аларды Абу-Дабидеги убактылуу кармоочу жайга алып барышат.

Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, жаштар законду бузгандыгы үчүн соттолоорун жана сот аларды кылмышкер деп тапса көп жылга кесилээрин билдирди. Ал эми Дубайдагы Украина элчилигинин, “Бул законду туристтер үчүн жокко чыгаргыла же болбосо аларды депорт кылгыла” деген өтүнүчүнөн майнап чыккан эмес.

Булак: Гезит кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here