Дүйнөнүн сулуулугун  арттырып ,жашообузду жарык кылган,таңдын атканын,күндүн батканын көрсөтүп ,ар бир күнүбүздү түркүн түскө боегон көздөрүбүз болуп саналарына шек жок.Ал эми учурда көзгө зыян алып келүүчү каражаттардын саны күн санап өсүүдө.Илим,билим,технологиянын жетишкендиктери көзгө жардам бергендин ордуна зыян алып келүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында  Бишкек шаарында 11-класстын окуучусу көрүнбөгөн көз айнек болуп саналган линзаны тагып тамак жасоо учурунда көзүнө май чачырап оор абалда ооруканага жеткирилген.Ыссык май линзаны сындырып,натыйжада кыздын бир көзү көрбөй калган.

Статистикага таянсак дүйнө жүзүндө 125миллиондон ашык адам линза тагынат.

Ал эми линза көзгө зыянбы деген суроо менен Профессор Алмазбек Исманкуловдун “Көз микрохирургиясы” клиникасынын дарыгери Гүлдаркан Шариповага кайрылганыбызда, линзанын пайдасынан зыяны көп экендигин айтты.Эгер гигиена сакталбаса ,туура эмес тагынып алса көздүн чел кабыгы жабыркайт.Коньюктивит,катаракта,көздүн кызаруусу жана башка ооруларга алып келет.Көбүнчө линзаны комерциялык максатта сапатына карабай эле мактап сата беришет.Көз айнектин  линзага караганда пайдасы көп  жана зыяны аз деп кошумчалады.

Деги эле линзаны эмне себептен колдоносуз деген суроого студент  Эркинай Боронбаева:“Көзүмдүн көрүүсү начар болгондуктан көз айнек тагынчумун. Көз айнек мага бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат эле.Эшиктен жылуу бөлмөгө киргенде көз айнегим бууланып калып,жаан жааган учурларда да кыйынчылыктарды жаратчу.Жаңылышпасам беш-алты жолу көз айнек алмаштырдым.Жоготуп же кокустан сындырып алган учурларым көп эле болду.Ошондуктан линзаны кодоном.Мен үчүн абдан  ыңгайлуу”- деп билдирди.

Линза тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Борбор каалабыздагы “Эл оптика” дүкөнүнүн сатуучу-кеңеш берүүчүсү Ирина айымга кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Линзанын эки түрү болот.Оптикалык(каректин кемчиликтерин оңдоо менен көрүүнү жакшыртуу,түстүү(каректин түсүн өзгөртүү үчүн).Ал эми мөөнөтүнө жараша 1 күндүк,1 жумалык,1айлык,3айлык,жарым жылдык жана бир жылдык болуп бөлүнөт.Канчалык тез алмаштырып турса,ошончолук микробдордон сактайт.Режимине жараша күндүзгү(кечинде чечип коет),ийкемдүү(1-2 сутка чечпей тагынса болот),үзгүлтүксүз(бир ай чечпей тагынууга болот).Мындан сырткары нымдуулугун жана кычкылтек өткөрүмдүүлүгүн туура тандоо керек.Линза сатып алган соң сөзсүз ага керектелүүчү кутуча,пинцет жана суюктук алыш керек.Оптикалык линзалардын  наркы  700 сомдон 2000 сомго чейин болот,бул да линзанын  сапатынан көз каранды.Ал эми декаративдүү линзалар сулуу жана өзгөчө болуш үчүн колдонулат.Көбүнчө бул түрдүү линзаларды ырчы,актрисалар,мода кууган жаштар алышат.Алардын баасы 1500 сомдон башталат деп толуктап кетти.

Ал эми мектепте мугалимдик кесипти аркалаган  Нурзада Мамытова көп убакыт линза тагып,чечкен соң көзүнүн көрүүсү начарлап кеткенин жашырган жок.Линзаны биринчи жолу тагынганда абдан таң калганын айтты. Көз айнек менен белгилүү гана жерди көрсө,линза аркылуу кеңири масштабда көрө алат эле.Бирок бул убактылуу гана экенине эми ынынып олтурат.Ошондуктан кайра эле көз айнектин сапаттусун колдонуп келе жатканын айтып,линза такпоону сунуштады.

Ал эми линзанын тарыхына кайрылып кетсек,1888-жылы Адольф Фикни аттуу окмуштуу биринчи жолу линзаны ойлоп тапкан.Ал ойлоп тапкан линза айнектен болгондуктан көздү өйкөп ыңгайсыздык жараткан.1960-жылы чехиялык Отто Вихтерле полимердин синтезин пайдаланып,жумшак линзаны пайдаланууну сунуштаган.

Көз адам затынын турмушунда чоң мааниге ээ.Эгер көзүбүз начар көрсө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдөн артта калабыз.Колдо бар алтындын баркы жок деп акылман элибиз таамай айткан.Колдо бар байлыкка кастарлап мамиле жасообуз абзел.Канчалык колунда бар,жетишкен адам болсок да ден соолукту эч кандай акчага сатып ала албайбыз.

Автор: Акылбек кызы Айпери.

Студент. 3-курс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here