Чагылган: Социалдык баракчага белгилүү дин аалымы Чубак ажынын Фетуллах Гюлен менен түшкөн сүрөтүн жүктөшкөн. Бирок ал сүрөт качан, кайсыл жерде тартылганы боюнча маалымат жок. Балкм ажы бул сүрөттүн таржымалын өзү айтып чыгаар. Буга чейин Чубак ажы Гюленди баалап, анын талантына таң берип келгенин ачык эле жар салып келген. Ал эми Гюленди Түркиянын Президенти Түркиядагы баш аламандык, бийликти басып алууну уюштурган деп күнөөлөп, аны сыртынан миңдеген жылдарга соттоткон. Бул маселе боюнча ар ким ар кандай көз карашты карманууда. Чубак ажы ким менен сүрөткө түшөт, ким менен түшпөйт, аны өзү чечет. Акылдуу, ыймандуу, ажы адамга биз эмнени үйрөтөт элек…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here