Ар бир кишинин организминде 10 мгга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет. “Алтын суу” жүрөктүн иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, согуу ритмин калыбына келтирет. Ал үчүн алтын жасалганы идишке салып, үстүнө 2 стакан суу куюп, ал 2 эсе азайганча кайнатасыз. Анан “алтын суудан” күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан ууртап туруу керек.

Таза алтын микроорганизмдерди өлтүрүүдө, оору жаратуучу микробдор менен күрөшүүдө күчтүү каражат. Андыктан, андан жасалган тагынчактарды тери ооруларынан жабыркаган шартта тагынуу зарыл.

Гипертониялык оорулардан жабыркаганда, тагыраагы, муундары көп ооруп, эс-тутуму начарлап, кан басымы жогорулап, аба ырайынын өзгөрүшүн көтөрө албай, дайыма көңүлсүз жүргөн адамды дарылоодо да алтын натыйжалуу. Мындай жагдайда алтын жасалгаларын дайыма тагынып жүрсө болот.

Бул баалуу металл адамдын иммунитетин чыңдап, эс-тутумун жакшыртууга жана артериалдык басымын төмөндөтүүгө жакшы жардам берет. Атүгүл анын таасиринен организмдеги эпилепсия оорусунун таасири басаңдашы же таптакыр жоголушу мүмкүн. Бул үчүн алтын жасалганы күн сайын белгилүү бир убакытта белгилүү бир мөөнөткө чейин колдо кармап отуруу кажет.

Алтындын депрессияны жоготуучу, стресске кабыл кылбоочу жана адамды өзүнө ишенимдүү кылуучу касиети күчтүү. Анан да мындай сапаттарды жаратууда башка жасалгаларга салыштырмалуу шакектин орду чоң деп айтылат. Муну колдонгон адам эң башкысы ушундай болоруна ишениши керек экен.

Таш чөгөрүлбөгөн алтын шакекти таза сууга салып, бир саатка жакын тыныктыруу зарыл. Андан кийин аны чыгарбастан ал суу менен оозду чайкап, 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин дагы чайкап отуруп бул процессти 4-5 жолу кайталаса, ал чыдаткыс тиш ооруну басаңдатат же биротоло басат. Ошол эле маалда оозду жагымдуу жыттантып коёт.

Алтындын жардамы менен муундарда, омуртка тутумунда жана боордо пайда болгон ооруну да дарыласа болот.

  • Ал үчүн таза алтын шакекти ооруган бөлүккө коюп улам ары жылдырып, кайра бери жылдырып отуруу керек. Ал эми омуртканы шакек менен жогорудан ылдый белге чейин сыласа, оорунун күчтүү табы кайтып кетет.Эскертүү: Алтын бул жаатта бардык адамдарга бирдей таасир бербейт. Организмге жакпаган маалда ал көңүлдү чөктүрүү, чачтын түшүүсүн көбөйтүү, тиштин абалын бузуу, боор-бөйрөктүоорутуу жана аллергия берүү менен таасир этиши мүмкүн. Мындайда сизге жогоруда көрсөтүлгөн терапияларды жасоого болбойт!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here