Бул окуя Казакстандын Балхашында болгон. Жеткинчек бала апасы үйгө камап кеткендигине байланыштуу, эшикке экинчи кабаттын терезесинен түшмөк болгон. Шейшептерди байлап, жакшы эле аракет кылганы менен, бул кадамы ийгиликсиз болуп, өзү да чарчап, кулай турган абалга жеткен кезде, көчөдө ити менен кетип бараткан Ирин аттуу аял аны байкап калып, экинчи кабаттан өзүн таштаган баланы тосуп калган. Натыйжада бала эч канда жабыркаган эмес, аял болсо колун сындырып алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here