Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нунезтин UFC түрү боюнча чемпиондук үчүн беттеши болбой калды. Буга UFC’нин учурдагы чемпиону Нунезтин ден соолугуна байланыштуу беттештен баш тартканы себеп болгон. Валентина Шевченко бул боюнча Фейсбуктагы баракчасына жазып, көпчүлүк күткөн беттештин өтпөй калганына өкүнгөнүн билдирди.

“Нунез өз салмагын туура кубалай албай, ооруканага түшүп калды. Мен бул беттешке 100 пайыз даяр болчумун” – деп жазды Шевченко.

Буга карабай Валентина Шевченко жаңы беттешти күтөрүн жана ага даярданарын кошумчалады.

Шевченко жана Нунез былтыр март айында беттешип, анда кыргызстандык спортчу жеңилип калган. Андан бери эки спортчунун экинчи беттешин көпчүлүк күтүп жаткан эле.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиондору эже-сиңди Валентина жана Антонина Шевченколор Кыргызстанда туулуп өскөн. Алар акыркы жылдары Түштүк Америкадагы Перуда машыгып жүрөт. Аларды Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Павел Федотов машыктырып келет.

Булак:Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here