Коомчулук арасында журналист Назира Бегим Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу “Эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек” деп жазган посту эл арасында кызуу талкууга жем таштаган эле. Андан көп өтпөй Бектур Аширбеков аттуу жигит Назира Бегимдин колун сураганы баарыбызга маалым.

Кечээ Бектур Аширбеков Назира Бегимге жолукканын 5news.kg порталына билдирди.

“Мээримдүү, ырайымдуу Аллах аты менен. Көптөн берки жолуга албай жургөн айымга кечээ, 7-июлда Бишкектеги Ата-түрк паркында саат 8:00дө жолуктум. Сейилдеп бүткөндөн кийин кафенин ичинде баарлаштык. Ал аялды мактоонун кереги жок, ал мени тыңшап гана олтурду. Эң сонун сырдашташтык, эми баш кошу жөнүндө ойлоно баштадык”,-деди Бектур Аширбеков.

Ал эми журналист Назира Бегим өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына жолугушуу тууралуу буларга токтолду.

“Бектур экөөбүз жолуктук. Кыргыз жигитине тиешелүү мыкты сапаттары бар экенин көрдүм. Негедир анын сөздөрүн үндөбөстөн угуп гана отургум келди. Орундуу, так, далилдүү, токтоо сүйлөдү. Кыргыз жигиттерине болгон кандайдыр бир ишеним пайда болду. бар бол Бектур! Жакшы инсан экенсиң”,-деди Назира Бегим.

5news.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here