Бизнесмен Руслан Алыбаевдин эмгек жолу жеңил болгон деп айтууга ооз барбайт. Анткени ал бир канча жолу банкрот болуп, баарын кайра баштаган. Ишкер менен Асел Минбаева маектешип көрдү.

Атасы убагында миллионер болуп, үлкөн ишкер эле. Бирок тагдыр ташы төмөн кулап, банкрот болуп калган. Анан айла жок сегиз жашар Руслан бөтөлкө терип баштаган.

— Ишкерликти кантип баштап калдыңыз?

— Бала кезден ишкерликке жакынмын. Атам Талантбек Алыбаев Нарындын тургуну. Ал СССР урагандан кийин миллионер болгон. Мал багып, кондитердик цех иштетип, колбаса да чыгарчу. Бирок жашоонуну оор сыноосуна тушугуп, 1994-жылы банкрот болуп калды. Ачыгын айтканда жегенге бир үзүм нан таппай калганбыз. Бир кезде коюн-колтук алышып жүргөн достору карабай кетип, үй-бүлөбүз оор шартка кептелген. Эсимде… үйүбүздүн жанында ысык нан жабышчу. Ал кезде бир лепешка 1 сом эле. Ошол нандан көзүм өтүп, ушунчалык жегим келчү. Бирок мага 1 сом бергенге атамдын акчасы жок болчу.

Сегиз жашка чыкканда алгач, бөтөлкөлөрдү чогултуп сатып, лимонад алчумун да үстүнө акча кошуп кайра сатчумун. Ал эми тогузга толгондо үй-бүлөбүз менен борбор калаага көчүп келдик. Ал кезде кукси дегендер жаңы келе баштаган. Мен бир кытайдан кукси алып, эл аралап сатканды үйрөндүм. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун куксини сатып бүтүргөнгө аракет кылып, чогулган акчага азык-түлүк алып барчумун.

Олуттуу ишке биринчи курста аралаша баштадым. Алгач вибромассаж жасаган буюмдарды Дордойдон 380 сомдон алып, сулуулук салондорго 1000-1500 сомдон өткөрчүмүн. Ошентип күн сайын 50 доллардан таап, окуумду төлөп жүрдүм. Үчүнчү курста кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттик ачып, алгачкы ийгиликтерди жараткам. 2008-жылы Бишкекке туристтик компания ачып, кошумча Белоруссия, Россия, Казакстандан шоколад, конфеттерди ташыдым. Ал эми үч жыл мурун кайрадан кыймылсыз мүлктү  бизнесине кайтып келдим.

— Демек, университеттен кийин итиңиз чөп жеп баштаган экен да?

— Кайдан! Мен көп жолу кулап, кайра турдум. Эң чоң катам, бизнеске туугандарымды аралаштырганым болду. Эми мен туугандар менен иштешпөө керек деген эреже менен жашайм.

Кыймылсыз мүлк бизнесим жакшы жүрүп, айына 20-25 миң доллар пайда келип турган. Кийин менин тууган өнөктөштөрүм компанияга таандык 200 миң долларды казиного уттуруп жибериптир. Анын 80 миң доллары меники, калгандары башка өнөктөштөрүмдүкү болчу. Алар мени, менин үй-бүлөмдү кыйноого алып, кайрадан катардагы кызматчыга айландым.  Ошондо аргасыздан бармен, официант болуп иштөөгө мажбур элем. Бир эле убакта 5 жерде каражанды карч уруп иштеп, карыздарды жабууга аргасыз болдум. Мен эми 7 жолу эмес, 35 жолу өлчөп, ойлонуп туруп, анан бир чечим кабыл ала турган болдум.

— Жаман болгон турбайбы…

— Бизнесмендерде мындай учурлар көп болот. Экинчи ирет 2010-жылы апрель революциясынан кийин банкрот болдум. Күнүнө 300-500 доллар киреше тапкан авиакассам бар эле. Каражаттын баарын кейске салып кеткем. 8-апрель күнү келсем баарын талап-тоноп кетишиптир. Бул окуя мага абдан сокку болуп, өзүмдү-өзүм өлтүрүп салгым келген.

— Эмне үчүн ушунун баарын таштап салып, катардагы кызматчы болуп кеткен жоксуз? Ошондой болуп кеткиңиз келген да, туурабы?
— Ооба, көпчүлүк эле бизнесмендер жок дегенде бир жолу баарын таштап, «тойдум байдын кызына» деп басып кеткиси келет. Доллардын курсу түшүп баштаган учур эсиңиздердеби? Ошол кезде менин 25-30 кызматчым бар эле. А менин аларга маяна берүүгө акчам жок болуп калган. Анткени курстун заматта өзгөрүшү менен акчамды жоготуп алгам. Күн сайын жумушка келип аларды көргөндө ыңгайсыз болчумун. Алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар да. Алар мага ишенип, 2-3 ай маяна албай иштеп беришти. Учурдан пайдаланып рахмат айткым келет. Жумушчуларым мага ишенип, мен кудай жалгап, алардын үмүтүн актадым. Негизи ишкер эч качан кыйынчылыкка моюн бербеши керек.  Кол куушуруп отуруп калган болбойт. Миңдеген адамдардын арасынан 10го чукулу гана ишкерлик кыла алат. Ал эми алардын 1-2сүн гана ийгилик жандайт. Эң башкысы кыйынчылыкка карабай алга жылуу керек!

— Кыргызстанда бизнесмендерге кандай кыйынчылыктар бар?

— Ал  биздин бюрократиялык системабыз. Кайсыл гана мекеме барбайлы, чымындан пил жасап коюушу мүмкүн. Бюрократиянын артында болсо коррупция тураарын жакшы билесиздер. Бактыга жараша, менде күчтүү юристтер андай көйгөйлөрдүн алдын алып турат.

— Сиздей күчтүү адамды эмне үчүн саясий партияга алып кетишкен жок?

— Мен саясатка  2010-жылдан кийин кызыга баштадым. Апрель революциясынан соң иштей албаган эле адамдардын кызматка келгенин көрүп нааразы болдум. Жеке пикиримде депутаттардын санын азайтуу керек. Эмне үчүн 120 депутат элдин эсебинен жашайт? 20-30 депутат болсо жетишет. Партиялык системаны дагы колдобойм. Легендарлуу парламентке күчтүү, эл сыйлаган адамдар келгенин билесиздер да. Азыр болсо партия акчалууларды чогултуп эле мандат берип жатат. Бир ирет кайсыл бир партиянын мүчөсү 50 миң доллар үчүн 5-тизме менен партияга кошоорун айткан. Мен эмне айына 30 миң сомдон маяна алуу үчүн 50 миң доллар беришим керекпи? Муну кандай түшүнсө болот? Мен элиме, өлкөмө бийлиги жок эле кызмат кыла берем!

Булак:sputnik.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here