Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча эл аралык “Poland Open” турниринде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 7-9-июль аралыгында Польшанын Варшава шаарында өткөн спорттук мелдеште Кыргызстандын атынан 4 балбан кыз катышкан.

Алар Назира Марсбек кызы 55 килограмм боюнча 11-орун, 69 килограммдан Мээрим Жуманазарова 9, ал эми 75 килорграмм салмак категориясы боюнча Айпери Медет кызы 5-орунга ээ болгон.

Ал эми Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмактагы категорияда Литва, Беларусия, Германия мамлекеттеринин спортчуларын жеңген. Ал эми финалда америкалык Элен Марулис менен кармашып, жыйынтыгында күмүш тагынган.

Ал эркектер арасындагы күрөш бүгүн жыйынтыкталат. Мында балбан Каныбек Жолчубеков коло тагынган.

https://www.youtube.com/watch?v=TEu-DB13Nn0

Булак 5 ньюс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here