Журок сыры
— Салам ,кыздар! Куйөөсүнүн ойношу барларга силер жалгыз эмессинер дегим келет))Мен башыман өткөн окуяны  абдан узун,кыска жана тушунуктуу кылып жазганга аракет кылам. Жашым 27де , 1 балам бар. 6 жыл мурун турмушка чыккам.Куйөөм аяш апамдын баласы болчу.Колумду сурап келгенде ойлонбой макул болгон элем.Чынында өтө келбеттуу ,оор басырыктуу ,тарбиялуу бала болчу.Бир да сүйөм деп айткан эмес,мага кылган мамилеси аябай жакшы болчу,ошонусуна сүйүнүп эле жүрө бериптирмин,сүйөөрүн мамилеси менен көрсөтүп жаткан турбайбы деп. Ошентип 3 жыл өттү .1 балалуу болдук.Бир куну тойго бара калбайбызбы. Ал тойдо күйөөм бир кыздын билегинен кармап алып эле эшикке чыгып кетти. Эмне болуп кетти деп эле артынан чыгып издеп калдым. Карангы болчу, ресторандын арт жагында отургучтар бар экен,акырын басып барсам күйөөм жанагы кызды кучактап алып туруптур.Ошондон кийин 3 күндөй башка дүйнөдө жүргөндөй эле болдум.Кийин гана эсиме келип, эмнеге ошондо кетип калдым,эмнеге тиги кыздын бетин тыткан жокмун деп өзүмө өзүм жиним келет. Куйоомду аша чаап деле кызганчу эмесмин,башка кыздарга деле көнүл буруп,повод берген эмес. Куйөөмдун ал кыз менен жазышкандарын  окуп ыйлап отуруп калдым.

Куйоом аны ушунчалык катуу сүйөөрүн,ошончо жылдан бери бир секундга да оюнан чыгарбаганын,алыстан бир эле корсом болду эле деп кудайдан тиленип жүргөнүн айтыптыр,бирок тиги кыз , мен сен менен суйлөшө албайм,намысым суйүүмдөн күчтүү экен, бузуку атка конгум келбейт десе, күйөөм артык эч нерсе сурабайм. ,бир жолу жолугуп мени менен сүйлөшүп кой, мени угуп кой деп жалдыраптыр .Канча ал кыздын бетин тыткым келсе да кунөө күйөөмдө экен.

Кайненеме айттым ,ал дароо күйөөмду суракка алды.Бир да нерсе айткан жок.Кайненем кийин күйөөмдүн досун суракка алып, ал кыз куйөөмдун мурунку суйлөшкөн кызы экенин билип келди. Күйөөмдүн жакын досу , андан кийин атасы каза болуп депрессияда жургөндө ал кыз менен суйлошпой калып, кийинчереек ал кызы Турцияга кетип калган экен. Ошо тойдо кайра жолугуп калышкан экен.
Кайсы кызга уйлөнсө деле баары бир болгон окшойт ,апасы мени көрсөтсө мага уйлонуп алган го деп ойлонуп калдым кийин. Кайненем экөөбүздүн сөзүбүз өтпөй койду.

Бир куну кайненем акырын урушуп атыптыр, сен эмнеге ал кыздын жумушуна барып жатасын деп, куйөөм болсо,көргум келди, сүйлөшкүм келди.

-Апа, жок дегенде сиз мени тушунунузчу- деп коет уялбай. Бир куну уйго келген жок,мен болсо кетип калайын дейм бирок ,куйөөм ошону эле кутуп турса керек деп ага өчөшүп, көк беттенип ,намысымды жыйыштырып койдум. Анан кайнагам менен кайнэжемди чыкырып, ойнош таап алганын айттым.Кайнагам аябай жинденип,куйөөм жумуштан келгенде чаап да жиберди.Баланчанын баласы катын-баласын таштап ,башкага уйлөнүп алыптыр дедирбейм, апама сөз тийет,биз элдин бетин кантип карайбыз ,эгер ошол кызга дагы бир жолукканынды уксам мага таарынба, сени соо койбойм, сени өлдү деп эсептеген болом,апамды алып кетем, баланды ойло, аялын кетем деп жатат , сен жыргап жургөндө балан кор болот,  менин жиниме көп тийбе деп бир тууган агасы ушундай сөздөрдү айтты , сен эстуу бала элен го ,кайсы кара теке сүздү сени деп кайнэжем менен кайнэнем ыйлап эле отуруп беришти.

Күйөөм мени карап:- кеткин келсе баламды ташта да кете бер, мен сени кет деген эмесмин деп койду. Кайнагам күйөөмө жанагы кызга менин көзүмчө чаласын да ,баарын бүтүрөсүн деп кесе айтты.Ошо менен баарын унутабыз жана экинчи бул темага кайтпайбыз деди.  Куйөөм эстеликтей катып отура берди. Кайнежем күйөөмдүн телефонун а лды да жанагы кызга чалып алдына коюп берип койду.

-Алло, Ф… мени кечир деп эле көзүнөн жашын токтото албай калды. Баарыбыз тынчып ,экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп отурабыз мандайында. Мени кечир ,баары башкача болушун каалагам, бирок ушундай болуп калды деп көзүнүн жашын жаш баланыкындай агызып жатканда апасы чыдабай эшикке чыгып кетти .Ал кыз түшүндү эмне болуп жатканын.

«Мен сени күнөөлөбөйм , мен эч нерсеге өкүнбөйм, сен үй-булөөң менен бактылуу бол»- деп койду. Турцияга кетиптир кийин. Ошондон кийин ал окуя жонундо сөз кылган жокпуз , бирок мен кантип унутмак элем,жылдар өтсө да унута алган жокмун. Кун алыс эстейм, куйөөм мени суйбөсө да жашап жатат, демек бактысыз жашап жатат. Өзү кунөөлү, мен анын башын айлантып тийген эмесмин. Кээде ошол кыздыкындай ат угуп калса башын  көтөрө  калаарын байкап калам )) азыр ал кызга кетем десе кете бер демекмин,озумду морально эчак даярдап койгом.

Аноним

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here