Кол телефонсуз күнүбүздү элестетүү кыйын. Бирок пайдасы тийген телефондон кадам сайын зыян алып жатканыбызды байкабайбыз. Себеби андан ар бир сүйлөшүүдө мээге шишик пайда кылуучу радиотолкун бөлүнүп турат. Ал эми мээнин рагы адамды өлүмгө түз эле алып барары анык. Андан сырткары телефон микробдорго эң бай аппарат. Анткени ал ар кандай кырдаалда жуулбаган кол менен кармалып, орунсуз жерлерге коюлат. Кол телефонду пайдаланууда
башка техниканын жанынан оолак кармоо керек. Анткени андагы радиотолкун башка техниканын бузулушуна алып келет.

Алдын алуу: – көп баарлашуудан алыс болуу; – башка ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо; – мээге карата атайын укалоо алуу керек. КОМПЬЮТЕР

Учурда компьютерди ишке пайдалануудан сырткары көңүл көтөрүүчү каражат катары да колдонуп келебиз. Бул техниканын маңдайында көп отурган адам көрүүсүнө доо кетирет. Андан чыккан көгүлтүр нур бетке бырыш түшүрүп, терини бат кургатып картаюуга кириптер кылат. Компьютердин алдында көп отуруу кан айланууну басаңдатып, геморрой, простатит, остеохондроз, радикулит ооруларына дуушар кылат. Андан сырткары булчуңдарга, моюн, омуртка сөөктөргө да терс таасирин тийгизет.

Алдын алуу: – нурдан сактануу үчүн кактус гүлүн компьютерге жакын коюу; – күнүнө беш сааттан ашык отурбоо: – маал-маалы менен атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here