🔵Петрушканы 2 аш кашык чыккыдай кылып майдалап аласыз. Анын ширеси чыкканда бетиңизге ширесин жалбырагы менен бирге жаап 20-30 мүнөт кармайсыз. Убактысы келгенде масканы акырын алып, жүзүңүздү муздак суу менен жууп, артынан бет май менен майлап коёсуз. Бетке петрушканын маскасын коюп жаткан маалда анын ширесин дагы 1 стакандан ичип жүрсөңүз таасирин жакшы берет. Бул маска аралаш бетке ылайыктуу.
🔵 Бир чай кашык каймакка бир кашык быштак салып, ошол эле өлчөмдө суутек кычкылын кошобуз. Баарын аралаштырып, бетке 20-25 мүнөткө коюп, жылуу суу менен бетти жууп салабыз.
🔵 Сепкилди агартуу үчүн лимон, бадыраң же пияздын кабыгы менен сепкилдин үстүнөн сүртүү керек. Же болбосо кулпунайды майдалап бетке маска катары колдонсо болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here