1. Эч качан муздак абанын агымын адамга түз багыттабаңыз, суукка дароо урунуп ооруп каласыз.
2. Бөлмөнүн ичиндеги абанын температурасы сырттагы температурадан 5 гана градус айырмаланып турушу керек. Сыртта 30 градус ысык болсо, бөлмөдөгү температура 25 градус болушу зарыл.
3. Кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык. Дароо муздатып жибергенде өтө ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат жана буюм бат бузулат.
4. Кондиционердин абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек.
5. Маалы менен өчүрүп тыныктырып туруу туура.
6. Кондиционердин фильтрин белгилүү бир мөөнөттө алмаштырып турбаса, ал абаны тазалагычтан кирдеткичке айланат. Себеби чаңдагы бактериялар көбөйүп, кайра бөлмөгө аба менен тарайт. Фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап, бир жылда бир жолу алмаштырып туруу талапка ылайык.

Кондиционердин жакшы жактары
1. Кондиционердеги фильтр бөлмө ичиндеги чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жагымсыз жыттарды соруп алат.
2. Аллергиянын алдын алат.
3. Кышкысын жылуулукту бирдей температурада сактап жылуулук берип турат.

Кондиционердин терс жактары
1. Биринчи коркунуч бул өпкө оорусуна чалдыгуу. Анткени ысып турган дене дароо муздакка киргенде суук өпкөгө барып тиет.
2. Андан сырткары сасык тумоого кабылышыңыз мүмкүн. Муздак бирде ылдый, бирде өйдө болуп бир калыпта болбоосу денени чыйрыктырат.
3. Муздак абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана мурундагы былжырлуу чел кабыгы кургайт. Ошондуктан бат-баттан мурунга суу жүгүртүп чайкап туруңуз. Болбосо гайморит оорусуна чалдыгасыз.
4. Бир күн кечке муздак бөлмөдө отуруу бөйрөк жана муун ооруларын жаратат. Билинбей суук капталдан, буттан өтүп кетет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here