Instagram-блогер Сайкал Жумалиева өзүнүн күлкү жараткан видеосу менен учурда социалдык тармакты багынтып жатат

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова Сайкал менен байланышып, эки ооз кепке тартты.

Ушу тапта социалдык тармактагылардын көбү Сайкал Жумалиевага көз артып турган мезгил. Бир ирмемде эле «интернеттин жылдызына» айланып кеткен блогер кыз болгону 18 градус жылуу болгон Нарында жүрөт.

— Адатта Instagram колдонуучулары кооз сүрөттөрүн жүктөп, элди өзүнө тартат эмеспи. Сиз колго шыпыргы алып бийге түшө калдыңыз эле, «жылдыз» болдуңуз да калдыңыз…

— Блогер болгон сулуу бийкечтер деле пол жууп, үй шыпырат. Болгону бул сүрөттөрүн сейрек жүктөшөт. Мен мындай нерселерди көңүлүмдүн каалоосу менен жасайм. Бир нерсени кантип тартсам деп көп ойлонбойм.

https://www.instagram.com/p/BWKDW8clopV/?taken-by=sandrabrave_

Ошондуктан өзүмдү вайнермин деп айтуудан алысмын. Жакшы контент тарткан балдарды билем. Мен өз блогумда кааласам тамашалап, кааласам бийлеп, кааласам селфи тартып дегендей… Жашоомду кооздоп жибербейм, болгону болгондой.

— Instagram тармагынан башка эмне менен алектенесиз?

— «Манас» университетинин кинорежиссура факультетинде окуйм. Бирок бул кино тартууну гана үйрөнөбүз деген кеп эмес. Мисалы, мен сиздей эле интервью алам, жаңылыктарды жазам. Биздин мугалимдерибиз «универсалдуу жоокерлерди» даярдап жатабыз деп күлүп калышат. Бул нерсе жашоодогу жолуңду таап алууга жардам берет. Бир нече нерсени бирдей аткара алсаң, эмнеси жаман?

Андан тышкары бийлейм. Бир кезде муну таштап койгом. Бирок бийсиз жашай албай турганымды сезгенде кайра баштап алдым. Азыр башка бирөөлөргө дагы үйрөтүп жатам.

— Чынын айтсам, мен бийлебешим керек болчу. Анткени ата-энем аскер адамдары, мени ар дайым катуу кармашкан. Курбуларым менен сейилге чыгуу мен үчүн чоң майрам болчу.

Кийин курбуларым бий ийримдерине бара баштады. Мен дагы аларга кошулгум келип, апамдын көндүрдүм. Алгач элдик бийлерди бийлеп жүрдүм. Мен үчүн бул көп ырахат тартуулады.

КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына окууга тапшырганда биринчи орунга окууну коюш керегин сезип, бийди таштап койгом. Бирок бир жыл окугандан кийин окуп жаткан кесип меники эмес экенин түшүндүм. «Манаска» окууга тапшырып, кайра бийди баштап алдым. Мен хип-хоптун кыздарга ылайыктуу тармагына жан дилим менен жактырып, ал тургай бул жатта пикирлештерим менен бирге бий үйрөтүү ийримин ачтык.

— Клиптерге дагы тартылдыңыз беле?

— Аха! Мен жылдызмын да (күлүп)! Бий массовкаларына катышкам. Жийдеш Идрисова жана башка ырчылар менен иштешкем. Ал адамдарды жолуктуруп калганыма абдан сүйүнөм.

https://www.instagram.com/p/BGPhTUok4VE/

— Өз жашооңузду бир нече жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Мен азыр катардагы студентмин, 3-курста окуйм. Жашоом алдыда! Тасма тарткым, бийлегим, саякаттагым келет. Айта турганым ушул эле. Калганын ичимде эле сактап турайын. Анткени көпчүлүккө айта бербеген, аздектеген кыялдарың болот эмеспи.

Булак: sputnik.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here