Мэрия өкүлүнүн айтымында, аталган жайга ажаткана куруу маселеси каралып жатат
Борбор калаадагы жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери учурунда курулушчулар тепкичтердин алдынан бөтөлкөгө ушатылган үч машина заара ташып чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчугул Ибраимов айтып берди.
Жер алдындагы өтмөккө иштеп жүргөндөрдүн бири беш жылдан бери желим бөтөлкөгө заара ушатып, аны түштүк-чыгыш тарабындагы тепкичтин алдына жыя берген. Ибраимов бул бир эле эмес, бир канча кишинин кылыгы болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Жер алдында өтмөк пайдаланууга берилгенден кийин ал кишиге соода кылууга жерди ижарага берүү-бербөө маселесин кароону сунуштыйбыз», — деди Ибраимов.

Жетекчинин айтымында, аталган жайга ажаткана куруу маселеси каралып жатат. Ибраимов тепкичтер абдан эле эскирип калгандыктан оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты.
Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here