Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропорту акыркы 10 жылдан бери иштебей турган. Бул бийлик акыры ишке киргизип, жандантты. Кечээ күнү аталган аэропортко коңшу өзбек туугандардан 200гө жакын адам учак менен  келишти. Эми алар өздөрү каалашкандай биздин берметибиз Көлгө эс алышат. Бүгүн болсо  Орусиядан да, тагыраагы Новосибирск каттамы менен дагы болжолу ушунча сандагы эс алуучулар Тамчыга конушмакчы. Кудай буюрса, айтылуу Ысык-Көлүбүздөгү аэропортубуз ачылды. Акжолтой болуп, жыл сайын  дүйнөнүн булуң-бурчунан миллиондогон эс туристтерди тосуп ала берсин. Серепчилер, быйыл Ысык-Көлгө эс алуучулар былтыркыга караганда көп келерин айтышууда. Ылайым, ошондой болсун.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here