-Абдыжапар мырза, шайлоого карата даярдык жана эл анча уга элек акыркы аракеттер тууралуу айтып берсеңиз?

—Эми коомчулук деле билет. Эң негизгиси шайлоонун жыйынтыгына шайлоо процессинин катышуучуларынын ишеними жогорулагандыгы талашсыз. Биздин ушул жаңы шайлоо системасына киргизилген жаңы моделдеги техникалардын жардамы менен добуш берүүнүн жүрүшү, анын алдын ала жыйынтыгынын чыгарылышынын негизинде. Ал эми шайлоочулардын тизмеси боюнча илгертен эле дагы бир көйгөйлүү маселе  бар эле. Шайлоочулардын тизмеси мурда өз алдынча жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан түзүлчү жана шайлоо комиссиясы да түзгөн учурлар кездешчү. Бирок жоопкерчилик жок эле да. Мисалы, шайлоо комиссиялары бир-эки айга гана түзүлгөндүктөн ошолор шайлоочулардын тизмесин түзүп эч ким мойнуна жоопкерчиликти албайт эле. Азыр ушул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши жоопкерчиликти жогорулатты деп баса белгилеп кетсек болот. Бул маселенин биринчи жагы. Экинчи жагы мамлекеттик орган тизмени эмненин негизинде түзөт? Эми буга бир негиз болуш керек да. Мисалы, биометрикалык маалыматтын негизинде түзгөнү бул биздин шайлоочулардын жоопкерчилигин арттырды десек болот. Анткени эсиңиздерде болсо, мурда шайлоо башталгандан тарта жыйынтыгы чыккыча “мен тизмеде жок экенмин”, “көзү өткөн адамдын аты-жөнү жүрөт” деген сыяктуу чыр-чатактар менен коштолот.  Азыр болсо шайлоого болгон конституциялык укугуңду камсыз кылып жүзөгө ашыргың келсе, анда биометрикалык  каттоо жөнүндөгү мыйзамдын негизинде биометрикалык маалыматты тапшырышың керек. Ошондо гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын тизмесине киргизет.

—Сөзүңүзгө аралжы. Биометрикалык маалымат киргенден баштап мурдагыга караганда шайлоочулардын саны азая түштү деген маалымат бар. Андыктан алдыда алдыда келе жаткан шайлоого болжолдуу түрдө канча шайлоочу катышат?   

—Учурда  биздин жарандарыбыздын 80%дан көбүрөөгү, тактап айтканда 2 млн. 900 миңге жакын жараныбыз биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул маселенин бир жагы.  Бирок статистикалык органдардын берген маалыматынын негизинде  карап көрсөк илгертен эле шайлоочулардын тизмесине киргизилген 3 млн.300 миңге жакын жараныбыз бар экен. Азыркы кезде 300 миңден ашык жарандарыбыз биометрикалык маалыматтарын дагы эле тапшырыша элек. Булар негизинен чет өлкөдө жүрүшкөн эмгек мигранттарыбыз, башка өлкөнүн жарандыгын алышкандар. Ушундай  көз караштан алганда бул азыркы кезде идеалдуу эмес. Бирок жакындаган көрсөткүчтөр болуп эсептелет.  Мен өзүм 5-чакырылышта парламентте депутат болуп турган учурда көп мамлекеттин тажрыйбалары менен салыштырып   биометрикалык каттоо тууралуу жазган мыйзамым кабыл алынган. Бул мыйзам жеке шайлоого жеке шайлоого эле эмес, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, кылмыш иштеринин ачылышына да жардам берет. Мисалы, биздин өлкөдө буга чейин  кылмыштардын көпчүлүгүнүн  бети ачылбай калчу. Эгер баардык жарандарыбыздын биздин базада биометрикалык маалыматы болгон  болсо, анда алардын ачылышына түрткү болот эле. Эми өзүбүздүн шайлоого келе турган болсок: буга чейин 2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик, 2016-жылы өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолого, бүткүл элдик референдумга салыштырып караганда азыр “мен тизмеде жок экенмин” деген жарандарыбыздын саны күндөн-күнгө  азайып жатат. Мындай жыйынтык шайлоочулардын тизмесинин сапаттуу түзүлүп жаткандыгынын белгисин билдирет. Анан бир көйгөй бар эле. Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочунун бармагынын изин белгилебегендиктен иденфикациядан өтпөй калган техникалык катачылыктар кездешкен учурлар болгон. Азыркы кезде мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочунун бармагынын изи  эле эмес, жүзүнүн дагы биометрикалык маалыматынын негизинде иденфикациядан өткөрөт.  Буга чейин 28-майда айрым жерлерде өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда ушундай принцип менен тизме түзүлүп анан иденфикацияны шайлоочуну жүзүнүн биометрикалык маалыматынын негизинде өткөргөндүктүн натыйжасында шайлоочулардын тизмесинде турган бир да шайлоочу иденфикациядан өтпөй калган факты болгон жок.Демек бул жагынан алып караганда биздин шайлоочулардын тизмеси улам сапаттуу болуп баратат. Анан автоматтык эсептөө урнасынын жардамы менен добуш берүү, анын жыйынтыгын чыгаруу азыркы кезде бара-бара реалдуулукка жакындап баратат. Эң негизгиси шайлоо процессинин катышуучулары,  талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоонун жыйынтыгы таанылып жатат. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, буга чейинки өткөрүлгөн шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгон митингдер көп болчу.

—Эми сиз айткан иденфикация, биометрика маселелери административдик ресурска канчалык деңгээлде тоскоолдук болуп бере алат?

— Мурда шайлоо комиссиясы добуштарды бурмалаган учурлар болчу эмес беле. Учурда бири-бирин  текшерген эки мамлекеттик орган болуп жатат. Алардын бири шайлоо комиссиясы болсо, экинчиси-мамлекеттик каттоо кызматы. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса тизмеге  киргизе албайт. Аталган кызмат тарабынан  тизмеге киргизилбеген жаранды бюллетень берип шайлоого катыштыра албайт.

Учурда талапкерлерди каттоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы баарыңыздарга эле маалым болсо керек. 15 жараныбыз президенттикке талапкер катары арызын тапшырды.  Эми талапкерлердин көп болуп  демократиялык принциптерге байланыштуу кадыресе көрүнүш деп эсептесек болот. Буюрса бир нече этаптардан кийин реалдуу жашоого жакын шайлоолорду өткөрүп калгыбыз бардыр…

—Талапкерлердин үгүт иштерин чагылдырууга өнөктүгүнө катыша турган массалык маалымат каражаттарына  карата болгон талаптар мурдагыга караганда өзгөрдүбү?

—Конституцияга  жаңы киргизилген нормаларга ылайык массалык маалымат каражаттары мурда шайлоонун алдында борбордук шайлоо комиссиясынан акредациядан өтсө, учурда интернет басылмалар дагы шайлоо өнөктүгүнө катышууга укук алды. Буга чейинки шайлоолордо шайлоо күнү жарыяланган күндөн тарта 10 күндүн аралыгында массалык маалымат каражаттары борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтө турган болсо учурда мунун мөөнөтү 20 күнгө созулду. Андан тышкары басылмалар шайлоого байланыштуу прайс баракчаларын жарыялагандан кийин гана биз менен кызматташып келген болсо, бүгүнкү күндө анын деле зарылчылыгы жок.

Маектешкен: Нуркемел Исаев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here