Чагылган: Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча «7-9-июль  күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 25 градуска чейин, күндүз 37-42 градуска чейин жетиши мүмкүн. Тоо этектериндеги айылдарда абанын температурасы 38 градуска, Нарын облусунда 37 градуска, Ысык-Көл облусунда 35 градуска чейин жетет.

Июль — Кыргызстанда ысык, кургакчылык болгон ай болуп эсептелет. Абанын ысышы көпчүлүк учурда 40 градуска чейин жетет.

Эскерте кетсек 2015-жылы Бишкекте бир жума бою абанын температурасы 39-40 градус болгон» деп айтыла маалыматта.

Негизи мыйзам боюнча 40 градустан ашкан соң, эл ишке чыкпай үйдө болушу кажет.  Бул жагы кандай болуп калат,  биздин гидрометтер өкмөттөн коркконунанбы, айтор 40 градустан кыйла  ашып кетсе деле 40тын тегереги деп элди алдап маалымат тарата беришет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here