«Миссис Вселенная 2017» Эл аралык сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Аида Чоткараева катышат. Сынак 28-августтан 7- сентябрга чейин Африка өлкөлөрүнүн биринде өтөөрүн сулуулар конкурсунун уюштуруучусу Рыскуль Намазбекова «Акипресске» кабарлаган.
28 жаштагы Аида Чоткараева 2016-жылы «Биринчи вице Мисс Кыргызстан» наамына татыган
Эске сала кетсек «Миссис Кыргызстан» жана «Миссис Вселенная» сынагына 24жаштан 50 жашка чейинки турмушка чыккан гана кыздар катыша алат.