Күнжүттү сатып алган нандын үстүнөн эле көрбөсөк, атайын маани берип колдонбойбуз.
Көрсө, майда болуп маанисиз көрүнгөн күнжүттүн пайдасы зор экен.

Пайдасы

Күнжүттүн уругунда кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүүчү кислота, күчтүү антиоксидант, углевод, белок, амин кычкылы, бир нече витаминдер жана пайдалуу май кислоталарынын бир нече топтому бар. Ошондой эле карынга пайдалуу болгон көп өлчөмдөгү майды, кальций, калий, магний, цинк, фосфор, темир жана клетчаткаларды, айрым организмге жетишсиз болгон минералдык заттарды курамына камтыйт. Күнжүттүн майынын пайдалуулугун айта турган болсок, ал бадам, мисте майынан кийин үчүнчү орунда турат. Ошондой эле арзан жана табууга оңой. Майында эң керектүү башка азыктарда кездешпеген же сейрек кездешкен антиоксиданттар — сезамин, сезамол бар. Сезамол — күчтүү табигый антиоксидант. Күнжүттүн актиоксиданты химиялык курамы өзгөрбөй 9 жылга чейин сакталат. Ал организмдеги зат алмашууну нормалдаштырып, сөөк, булчуң, рак ооруларынын алдын алып, холестериндин деңгээлин бат түшүрөт. Ашказандагы көйгөйлөрдү чечип, гастритти айыктырат. Эң жакшысы организмдеги зыяндуу токсиндерди айдап чыгат.

Дарылык касиеттери

Суук тийүүдө. Үйүңүздө күнжүт бар болсо, сиз үчүн суук тийүү, сасык тумоо коркунучтуу эмес. Анын уругун байыртадан астма жана өпкө оорулары күчөп, дем алуу оорлогондо колдонуп келишкен. Күнжүт майын кебез таякчасына тамызып алып наристелердин кулагын тазаласа, жумшак жана зыян келтирбейт. Суук тийгенде жатар алдында майды 36-38 градус кылып жылытып, көкүрөк клеткасына сүйкөп туруп жылуу жууркан жаап койсоңуз, сыркоолуу тез айыгат.

Жыныстык чөйрөдө. Орто кылымда аялдар күй сайын бир кашык күнжүттүн уругун чайноо менен өзүлөрүнүн ден соолугуна кам көрүшкөн. Анткени ал аялдардын жыныстык системасына абдан пайдалуу. Уругу айыз келген учурда кандын агып чыгышын күчөтөт, андыктан этиеттеп колдонуу керек. Негизи күнжүттү кош бойлуу аялдарга сунушташат. Себеби анын курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү кальций жана башка элементтер түйүлдүктүн өсүшүнө пайдалуу, келечектеги баланын башынын скелетин түзөт. Ошондой эле эмчек безиндеги кистаны жана башка суук тийген ооруларды басаңдатат. Күнжүт, зыгыр жана апийимдин уругунун кошулмалары аял менен эркекке бирдей таасир берүүчү жыныстык активдүүлүктү жакшыртуучу күчтүү афродизиак болуп саналат.

Тамак сиңирүүдө. Ашказан сезимтал болсо, күнжүттү ченеми менен колдонуу керек. Ач карын колдонгондон жүрөк айланып, суусап, тамак сиңирүүчү былжырлуу система дүүлүгөт. Андыктан күнжүттү куурулган же балга кошулган түрдө колдонуу керек. Мындай шартта ал табитти да төмөндөтөт. Бирок арыктоо үчүн кошумча каражат катары колдонууга шашылбаңыз, көп колдонуу адамды семиртет. Аны өлчөмү менен колдонуунун эң мыкты жолу — үйгө пайдалуу күнжүт тузун жасап алуу. Тактап айтканда, тузга аралаштырып коюп, аны түрдүү тамакка кошуп пайдалана берүү. Күнжүт майы ич катууга жардам берет, ал эми сууга бышырылып, бал кошулган даны ич өткөктөн арылтат. Күнжүттүн майы данына караганда тамак сиңирүү системасына алда канча пайдалуу. Ашказан жарасы, гастрит, ич катууда бөлмө температурасындагы күнжүт майын 0,5-1 аш кашыктан күнүнө 3 жолудан ичүү керек.

Күнжүт диетасы. Күнжүт организмден токсиндерди мыкты айдап чыгат. 1 аш кашык күнжүттүн данын кофемолкага жакшылап майдалап алып, тамакка чейин 3 маал жетишерлик өлчөмдөгү суу менен ичүү керек. Ушул белгиленген өлчөмдө катуу тартип менен ичсеңиз, ашыкча салмагыңыздан арылууга жардам берет.

Ооз көңдөйүнө пайдасы. Үйдөгү эң мыкты “тиш доктуру” — күнжүт майы. Оозго 1 аш кашык күнжүт майын куюп 2-3 мүнөт чайкап жана соруп кыймылдатып, бирок жутпоо керек. Эгерде бул ыкманы адат кылып алса, кариес, бүйлөнүн сезгенүүсү болбойт.

Күнжүттүн кооптуу касиеттери:

Кош бойлуу аялдар күнжүттү күнүнө бир гана чай кашыктан колдонуусу керек. Мындан ашык колдонууга катуу тыюу салынат. Эгер өтө көп колдонсо, боюнан түшүп калуу же түйүлдүк гипокальциемия болуп төрөлүүсү мүмкүн.

Күнжүт уюган каны бар, бөйрөгү ооруган адамдарга сунушталбайт.

Заара чыгаруучу жолдорунда таш бар адамдарга сунушталбайт, күнжүттөгү жогорку көрсөткүчтөгү кальций ооруну күчөтөт.

Күнжүт майын аспирин, козу кулак кислотасы менен чогуу колдонууга болбойт, алар менен кошулганда кальций бөйрөккө бөлүнүп чыгат.

Булак: Леди кг.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here