Саргарган буудайды аралап, жүзүнөн шоргологон терди улам аарчып коюп сулууча болгон келин арыштай басып кетип бара жатты. Аркасынан келе жаткан күйөөсүн да күтпөй, эки аягы тыпылдайт. Үйлөнгөндөрүнө аз эле убакыт болуп, тез эле жайлоого чыгып кетишкен. Эми күз таяп, кайнененин үйүнө келе жатышкан. Кичинесинен өгөй энесинин запкысын көп көргөн бечара эми кайнененин кандай болоорун элестете албай, эси эки. Айылга жакындай бергенде күйөөсү жете келип колдон ала күлүмсүрөдү.
— Айым, мынча тез басасың? Мен сага жетпей калдым.
-Анда бир аз эс алалы.
Жылмайган жүзү, колдон алган жылуулугу келинди элжиретип, күйөөсүнө эркелей карады. Айыл четиндеги жалпак тамга жакындай бергенде Айымдын жүрүгү дүкүлдөй баштады. Аял дегендин баары өгөй энесиндей элестетип алган ал эрксизден куйоосунон аркасына далдалана калды. Бирок… Дарбаза ачылып, алдынан чыга келген жузу жаркын аял алгач эле келиндин чекесинен ооп-ооп алды.
— Балапандарым менин, аман-эсен келип алдыңарбы? Мал-жан аманбы?
— Жакшы,апа, өзүңуңүз кандайсыз? — деди уулу калбаат жооп берип.
» Азыр жон гана күйөөмдүн көзүнчө жакшы мамиле кылып жатат, анан баштайт болсо керек» деп жатты келиндин титиреген жүрөгү. Андай болбоду, ал куну, анын эртеси да, анын эртесинен эртеси да кайнененин мамилеси өзгөргөн жок. Бир жаман сөз айтып көңулүн оорутпады. Бир күнү апасынын кошуна эже менен сүйлөшүп отурганын угуп калды.
— Урумкан акмак, келинимди таптакыр жер көз кылып салыптыр. 4 -класска чейин эле окутуп, кызматына кызыгып окутпай койгон тура. Атын катуураак айтып чакырсам дирт эте коркуп, жалтандап кетет. » Коркпо, мен Урумкан эмесмин, эч коркпой жур, балам» деп жүрүп эми араң жакшы болуп келе жатат. Акырын алдап-соолап, жакшы сөз менен имерип отурам бечараны.
— Ооба, байкушту кычкач менен тизеге чапкылап, илмийген немеге эки чака менен суу ташытып, аны бир аз төгүп алса жаткыра чаап жатканынан өз көзүм менен көргөм. Бечара кызды аяп, көзүмдөн жашым атып кетчү. Капырай, өңүнө да чыга түштү  келиниңиз, баары бир билимдүүсүз, эми жакшынакай кылып тарбиялап алыңыз.
-Жалгыз уулумдун жактырып алган жары да. Эми эптеп, этегине жалгап төрөп берсе…
Сыртта турган Айым көз- жашына жута ары бурулду. Келин эненин кудуреттүү кучагы жылуу болорун, бардык коркунучтан, азап-тозоктон сактаарын эми сезди.
Аттиң, бирок бактылуу күндөр да көпкө созулбады. Күйөөсү автокырсыктан каза болуп, келин байкуш жыл айланбай кара жамынып жесир калды. Караан туткан уулунан ажыраган эне, жаш калып өксүгөн келин бир тамда тутун булатып калышты. Ошентип, 16 жашында турмушка чыгып, 17 жашында жесир калган гүлдөй келин 10 жыл кайнененин жанында бой жашады.
Айылдан бала бакчасында иштеп, кечке маал үйдүн босогосун аттаган келин кайненесинин ыйлап, кимдир бирөө менен күңкүлдөшүп жатканын укту. Ал аял көптөн бери үйгө келип жүргөн кайненесинин жакын санаалашы болчу.
— Шорду келинимдин багын байлап, жанымдан чыгарбай отурам. Менин түшүнбөйт дейсиңби, кайсы бир күнү ушундай болорун дилимде күтүп жүргөм. Кудай,ай, кандай кылам эми?
— Кайраттуу адамсыз, жашоо ушундай эмеспи. Келиниңиздин колун сурап жаткан адам шаарда иштейт экен. Токтоо, акылдуу, мыкты жигит. Мен кантип жаман адамга кыяйын?
Айым чыдай албай кетти. Кирип келип кайнененин кучагына жыгылды.
— Апаке,мен сизди таштап эч кайда кетпейм. Мен сизден кетпейм, апа, мени жаныңыздан кубалабаңыз.
Өксүп тизесине жыгылган келинин кучактаган эне кошо ыйлады.
-Садагам, колума секелек кезден келип, кызым болдуң. Кызым жок дечү элем, кыздуу болдум. Ыраазымын сага, кызым! Эми карап көр, жактырсаң сени кармабайм.
— Жок, апа, сизди жалгыз таштабайм!
Айым оөпкөлөп ыйлап, кайненесинин тизесинде жатты. Мееримдүү колдор чачынан сылап, коштошуп жаткандай оор үшкүрүп отурду.
Жашоо баары бир өз мыйзамын жүргүзөт тура. Айым алгач ай асмандай туйулуп качса, колун сураган Аскаттын тажабай кылган аракетинен улам жоошуй баштады. Көңулүндө бир сезим уялап, аны өңгө тургай, өзүнөн жышырып, дил азабын тартып журду. «Сүйүү ушундайбы?» деп өзүнө суроо берип койот. Биринчи күйөөсүнө деле мындай сезимдер болгон эмес, өгөй энеден кутулуу үчүн алгач колун сураган адамга макулдугун берип басып кеткен эле. Кудайга шүгүр, ал күйөөсү манен жакшы жашады. Бул жолку сезими ага окшобойт. Башкача сезим…
-Айым, бир жыл тынбай артындан ээрчиттң, эми үйлөнөлү,- деген Аскаттын сунушуна жок дей албады.
Кайненеси өз кызын узаткандай шаан — шөөкөт менен узатып, көз жашын төгүп кала берди. Машиненин карааны узап кеткенче карап турду да, оор үшкүрдү. Айымды узаткандан кийин эненин тозогу чындап башталды. Төрт бурч тамды башына көңтөрүп алгандай жымжырт. Жаны кашайып, жалгыздыктан уулунун жанына барып жатып алгысы келет. Бир күнү түш көрүп, » Айым сизди таштабайт, апа, ал кайтып келет, көрөсүзгө, ыйлабаңызчы» деп уулунун жалдырап жатканын көрдү. Түшү же өңу экенин билбей, тошоктон башын которо албай жатканда кимдир бирөөнүн үйгө киргенин туйду. Кошунанын уулу го деп ойлоду.
— Кимсиң, балам?
— Апаке, ооруп калдыңызбы? — деген келининин үнүн угуп, калтырап ордунан тура калды.
— Айым, садагам, сен келдинби?
— Апа, сенсиз жашай албайт экем. Мени менен жүрүңүз, сизден башка жакын адамым жок менин.
— Күйөөң эмне деер экен, балам?
-Ал макул, апа, өзү да мени менен келди.
Келининин чекесинен сүйгөн эне ыйлап жиберди.
— Мен билгем, менин кызым мени таштабасын билгем.
Бул окуя желдей тарады. Айымдын балдарын багып, бактылуу карылыкты башынан өткөрүп жаткан эне жыл сайын айылына келип, тууган — туушкандары менен жолугуп, уулуна куран окутуп кетип жүрдү. Бул эненин өмүрүнүн аягына чейин уланды…

Булак ФБ. Айшоола…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here