Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө жашаган Кызжибек Марипова 3 эм балдарын дарылатууга жардам сурайт. Эгиздерге мамлекет тарабынан жөлөк пул да берилбейт.
7 жашка келип калган 3 эмдин көзүнүн көрүүсү жакшы эмес. Учурда сарык оорусу менен жабыркап жатышат. Бирок, жалгыз бой эненин балдарын дарылатууга дарамети жок. Жолдошу балдары боюнда бар кезинде таштап кеткен. Учурда К.Марипова үйү жоктугунан ата-энесинин үйүндө баш калкалап, апасынын пенсиясы менен күн кечирүүгө аргасыз.

«Кош бойлуу кезимде жолдошум 3 эм экенин билип, бизди таштап кеткен. Балдарым 7 айлык болуп, айына жетпей төрөлдү. Балдарым ден соолугу жакшы төрөлгөн, бирок кийинчерээк үчөөнүн тең көзүнүн көрүүсү начарлай баштады. Балдарым менен Кара-Суу шаарында батирде жашап жүрдүм. Акыркы убактарда балдарымдын көзүнө алган дарылары кымбат болуп, батирдин акчасын төлөй албагандыктан апамдын үйүндө жашап жатам», — деди ал.
Анын айтымында, 3 эмди атасы көрө элек
«Ысымдарын Асан, Үсөн, Фатима деп атаганбыз. Балдарым төрөлгөндөн кийин атасы бир дагы жолу кабар алган жок. 2 ай мурун балдарыма жөлөк пул чыгарып берүү суранычы менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысына жардам сурап кайрылдым. Бирок, жардам болгон жок. Район акими Тилек Матраимовго да бардым, бирок кабылдамасынан киргизбей коюшту. Азыр эки уулум сарык болуп ооруп жатат. Аларды дарылатууга каражатым жок, үйдө карап жатам», — деди К.Марипова.
К.Марипова менен (0777) 27 70 95 номуру аркылуу байланышса болот.
Булак:.turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here