Sputnik агенттиги Кыргызстандагы кыймылдуу мүлккө канча салык төлөө керектигин эсептеген калькуляторду түзүп, айдоочуларды кызыктырган беш суроого жооп алды. Эскертсек, салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керек.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Автоунааңыз үчүн мамлекетке канча салык төлөө керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин онлайн-калькулятору менен оңой эле эсептеп алсаңыз болот. Болгону машинанын чыгарылган датасын, кыймылдаткычтын көлөмүн билүү керек.

Ошондой эле автоунаа салыгына байланышкан айдоочуларды кызыктырган беш суроого жооп издедик.

1. Транспорт жана турак-жай үчүн салыкты качан төлөө керек?

Транспорттун салыгын 1-сентябрга чейин төлөө кажет, ал эми кыймылсыз мүлктүн салыгын 2-сентябрга чейин төлөшүңүз зарыл

2. Салыктарды кайсы жактан төлөйм?

Салыкты каалаган банктын кассасынан төлөөгө болот. Ошондой эле почта бөлүмдөрүнөн, төлөө терминалдарынан жана интернет-банкинг аркылуу ишке ашыра аласыз.

3. Салыкты төлөбөй койсом эмне болот?

Салыкты убагында төлөбөгөндөргө 2 миң сом айып салынып, жылдык пайызы 0,09 болгон туум жүрөт.

4. Чаптама тууралуу уктум эле, ал эмне?

Транспорт салыгын төлөгөндөн кийин атайын чаптама алуу керек. Ал сиздин салык төлөгөнүңүздү тастыктап турат. Аны машинанын алдыңкы терезесине чаптоо кажет. Чаптаманы жабыштырбай койгону үчүн айып салынбайт, бирок чаптап алсаңыз милиция сизди жөндөн-жөн эле токтотпойт.

5. Салыкты төлөгөнүмдү тастыктаган квитанцияны жоготуп ийип, колумда наклейка эле болсо болобу?

Жок. Рейддердин башталышы менен мамлекеттик салык кызматы авто ээлерин айдоочулук күбөлүгү менен техникалык паспорттон тышкары, салыкты төлөгөнүн тастыктаган квитанцияны да ала жүрүүсү керек. Наклейканын эле болгону жарабайт. Квитанциясы жок болсо 500 сом айып каралган.

Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here