Чагылган: Абзал Мырзашпен 2005 -жылы Казакстанда туулган. Атасы кардиохирург, апасы кардиолог болуп иштешет.

Абазал тууралуу апасы:

-Эки жашка чыккыча эле машиналардын маркасын ажыратып айтып баштаган. Анан тамгаларды үйрөнө баштады. Кайсы күн экенин сурасаң жаңылбай айтып берчү. 2 жарым жашында миллионго чейин санаганды үйрөндү. 2 жаш 10 айында газета журналдарды окуп калды. 3 жашында 2 орундуу сандарды кошуп- алып эсептегенди үйрөндү. 4 жашында көбөйтүүнүн таблицасын жатка айтты. 4 жарымга чыкканда 2-3 орундуу сандарды көбөйтүп , бөлүп эсептегенди үйрөндү. Ушунун баарын ал жазбай эле эсептечү эле, биз ага аябай таң калчу элек. Көбүйтүү таблицасын ал көрбөй эле жаттап алды, биз кийин гана дептердин артындагы таблицаны көрсөттүк.

Үйгө келгендер:  — «сенин жашын 3тө. менин жашым 49да 41 жылдан кийин мен канчага, сен качага чыгасың»? -деп сураса  бирден эсептеп берээр эле. Бары кызыгып мындай суроолорун көп беришчү.

Кичинекей кезинде Абзал жаныбарлар, кубулуштар  жөнүндө суроолорду аябай көп берчү. Физикалык терминдерди сурачу. Балама өзүңдү кызыктырган суроолорду ушул китептерден табасың деп аябай көп энциклопедияларды сатып бердим. Баланын кызыгууларын басып таштабоо үчүн эч нерсе аябаш керек.

Орус тилин дагы бат эле өздөштүрүп эки тилде бирдей сүйлөп баштады. Дүйнөлүк кызыктуу китептерди том- том кылып алып келчүмүн, кыска убакытта эле окуп бүтчү дейт- кубануу менен апасы.

Абзал 5 жашында  1- класска кирип, ортодо класстарды секирип 12 жашында мектепти бүткөн, андан  кумириң ким сураганда: – Альберт Эйнштейн- деп жооп берген.

Абзалга грант бөлүп, окууга чакырып жаткан мыкты университеттер дагы жок эместигин апасы кошумчалаган.

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here