Чагылган:Мындай окуя Астанада жашашкан Ахметовдордун үй бүлөөсүндө болгон. Кыздуу болгондо өзүбүздү аябай бактылуу элестеткенбиз. Бирок биздин үйдөгү абал сериялдагыдай эле болду деп эскерет үйдүн кожойкеси.

1993-жылы 21- августта түнкү саат 2лерде Жанат Ахметова Жангельди районундагы төрөт үйүнөн кыз төрөгөн. Ошол күнү ал кызын эмизгенде  анын бетинен кандайдыр кал бар экенин байкаган.  Кийинки күнү доктурлар Жаннатка башка кызды алып келип беришкен.

«Бул менин кызым эмес, анын көздөрү жашылыраак  экен деп айтканда, акушер өзүнө ишенүү менен бул кыз сеники деп ишендирип коюшкан. ошентип биз үйгө чыктык.»- деп эскерет Жаннат.

Ата энелер алмашып кеткен кызына Гульнафиз деген ат коюшкан. Кызы чоңойгуча көп ооруган. Чоңоюшу менен кебетеси дагы өзгөрүп, көзү жашыл өңдө болгон.

«Күйөөм Гульнафизди карап, менден шектене берчү. мен ансайын өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Күн сайын түшүмдө ыйлап жаткан баланы жана анын жанындагы кара жыланды көрчү элем. Ошол убакта катуу ооруп калдым. доктурлар мага эч кандай диагноз коё алышкан жок»-  деп Жанат сөзүн улады.
Ошондо эдик дарыгерлердин бирине кайрылдым.
Астанчанка 20 лет воспитывала чужую дочь, которую подменили в роддоме
«Ал оорулуу кыз багат экенсин, сенин кызыңды алмаштырып коюшкан экен. Сенин өзүңдүн кызың аябай кыйналып жүрөт, эртерээк тапкын. Анын энеси -башкир улутундагы аял»- деп дарыгер айтты.
 Биринчи укканыбызда ишенген жокпуз. Анан ДНК тест тапшырсак: Гульнифаз биздин кыз эмес болуп чыкты. ДНК жыйынтыгы биздин үй бүлөгө катуу соку урду.

Биз мен төрөгөн төрөт үйүнө барып, архивди ачканыбызда ошол күнү Башкир аял дагы кыз төрөгөнүн окудук. Кыздын атын Роза коюшуптур. Алар Костана областында жашашчу экен .

Ошол замат эле бара алган жокпуз, прокуратурага арыз жазып жообун 3 ай күттүк.  Иш башталгыча мен өзүм төрөгөн кызды окуткан мугалимге жолукканымда ал жакыр үйбүлөдө жашарын айтты.

Роза окууну аяктап , Астанга мед колледжге тапшырыптыр. Мен качан биринчи жолу Розаны көргөндө анын күлгөнү күйөөмдүн күлгөнүнө окшош экенин көрүп, менин кызым экенин ошол замат түшүндүм.

Убакыт баарын дарылайт демекчи Роза көп убакытка чейин мени апа деп айта алган жок. Азыр бардыгы жайында. 3 кызым жана бир балам бар деп нур.кз сайтына берген маегин жыйынтыктаган.

Бирок өкүнүчтүүсү Гульнафизди өз ата энелери көрбөй калышты. оорунун айынан өтүп кетишиптир.

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here