Жаш жубайлар нике кыйылган күнү «үйгө ким келсе дагы эшикти эч кимге ачпайбыз»- деп бири бирине сөз беришет. Бирок ошол эле күнү үйгө баланын ата- энеси келип эшикти тыкылдатат. Күйөөсүнүн эшикти ачкысы келгени менен, келишим боюнча эшикти ачпай коюшуп, ата эне кетип калат.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин ошол эле күнү кыздын ата энеси келет. Экөө бирин тиктешип туруп калышат. Биркок аялы көзүнөн жаш алып, «мен ата энемди үйгө киргизбей коё албайм «- деп эшикти ачып коет. Аялынын кылганына күйөөсү унчукпайт

Арадан жылдар өтүп, алар 2 эркек балалуу болушат.. Дагы бир канча убакыт өтүп үчүнчүсү кыз төрөлөт. Атасы сүйүнгөнүнөн досторун чакырып кыздуу болгону үчүн майрамдашат. Ошол эле күнү кечинде аял сурайт: «балдарыбыз төрөлгөндө мынчалык сүйүнүп, конок чакырган эмес элек? себеби эмнеде «- деп.

Анда күйөөсү: — «анткени мен үчүн эшигин ачып, үйүнө киргизе турган кыз төрөлдү ! «-деп.

Кыздар ушунчалык өзгөчө келишет!!!

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here